Загрузка документа…
БАШ КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019 жылдын 18-ноябры №5/2
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын кайрылуусун жана Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын 8-октябрь 2019-жылдагы №58 катын кароо жөнүндө
Баш - Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын кайрылуусун жана Ат - Башы аймактык шайлоо комиссиясынын 8-октябрь 2019-жылдагы № 58 каты боюнча талкуулап Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын XVIII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баш-Кайыңды айыл аймагында шайлоочулардын саны 2719 шайлоочудан ашкандыктан Баш-Кайыңды айыл аймагындагы шайлоо участогу эки участок болуп бөлүнсүн.
2. Баш - Кайыңды шайлоо участогун мыйзам талаптарына ылайык экиге бөлүү жагы айыл өкмөтүнүн жер, турак-жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси А.Мааметовго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баш - Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Байказаковго тапшырылсын.
Төрага: | Ж. Асеков |
|