Загрузка документа…
Ш.НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 04-декабры.№16/4(а)
Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Ы.Бобаназаровдун сунушу жөнүндө
Жогорудагы маселени угуп жана талкуулап Назаралиев атындагы айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги 16-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн керектөөсүнө карата 70111 башкаруу аппаратынын (2221 Учурдагы мүлктү ондоодо беренесиндеги Өзгөчө кырдаалдарга бөлүнгөн акчадан 150 000 ( жүз элүү мин ) сом, 70629Калкты тейлөө кызматынын2221 Учурдагы мүлктү ондоодо беренсине Мешков паркынын ичин ХЕЛВЕТОС уюму проект аркылуу оңдоодо 25 % оздук салымына болунгон 250 000 (эки жүз элүү мин) сом. Ушул эле болумдун 2221 Учурдагы мүлктү ондоодо беренсинен көчөлөргө үй номерлерин жана табличкаларды илүүгө бөлүнгөн тендерден калган 100 000 ( жүз мин ) сом. Ушул эле болумдун 2221 Учурдагы мүлктү ондоодо беренсинен жениш алеясын ондоого бөлүнгөн 100 000 ( жүз мин) сом,70921 Орто мектептер бөлүмүнүн 3111Курулуштарды куруу беренесине Наркулов мектебинин көмүр навесинен калган 80 000 ( сексен мин ) сом,70921 Орто мектептер бөлүмүнүн 2221 Мүлктү учурдагы ондоо беренсине Н.Мешков мектебинин ажатканасынын чатырын ремонттоого болугон 70 000 (жетимиш мин) сом, жалпысы болуп 750 000 ( жети жүз элүү мин ) сом,акча каражаты кыскартылынсын.
2. Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн 70111 башкаруу аппаратынын 2211 Кызматтык кыдыруулар беренесине 50 000 ( элүү мин ) сом,2215 турдуу чыгымдар беренесине50 000 ( элүү мин ) сом,70629Калкты тейлөө кызматынын3112Механизимдер жана жабдууларды сатып алуу беренесине 158 000 ( жүз элүү сегиз мин ) сом,Оорукананын суу мунарасын ондоодо суу кампасын сатып алуу үчүн 50 000 ( элүү мин ) сом, 70921 Орто мектептер бөлүмүнүн 3112Механизимдер жана жабдууларды сатып алуу беренесине Н.Мешков мектебине заманбап интерактивдуу доскаларды сатып алуу үчүн 70 000 (жетимиш мин) сом, 70921 Орто мектептер бөлүмүнүн 2231 Коммуналдык кызматтар беренесине мектептерге жана бала бакчага салынган штрафтарды ( электр энергияга ) толоо үчүн 372 000 ( үч жетимиш эки мин ) сом,жалпысы болуп 750 000 ( жети жүз элүү мин ) сом,акча каржаттары көрсөтүлгөн беренелерге жылдырылсын.
3. Жогорудагы аныкталган жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча айылдык кеңешине билдирүү жагы ФЭБ нун башчысы У.Ороскуловго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет комитетинин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5. Назаралиев айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru – веб сайтына жарыялансын.
6. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Б.Сооронкуловага жүктөлсүн.
7. Назаралиев айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru – веб сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага: | А.Эшалиев |
|