Загрузка документа…
Ш.НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 04-декабры №16/4(в)
Үч-Коргон айыл аймагынын эмгек ардагерлеринин жана айыл тургундарынын кайрылуусу жөнүндө
Жогорудагы маселени угуп жана талкуулап Назаралиев атындагы айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги 16-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Коргон айыл аймагынын күн батыш тарабындагы Жийде-Сай-1, Жийде-Сай-2, Казак айыл деп аталган айылдарды коомдук ишмер, улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Матен Сыдыков атындагы айыл деп аталсын.
2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдап эл каттоодон кийин айылдын жаңы аталышын жаздырып илүү жагы айыл өкмөтүн башчысына милдеттендирилсин..
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
4. Назаралиев айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru – веб сайтына жарыялансын.
5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Б.Сооронкуловага жүктөлсүн.
6. Назаралиев айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru – веб сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага: | А.Эшалиев |
|