Загрузка документа…
Ш.НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 04-декабры № 16/4(е)
Мешков атындагы орто мектебинин директорунун кайрылуусу жана башка атуулдардын өтүнүчтөрүн иликтөө максатында атайын депутаттык топ түзүү жөнүндө
Жогорудагы маселени угуп жана талкуулап Назаралиев атындагы айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги 16-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мешков атындагы орто мектебинин директорунун кайрылуусу жана башка атуулдардын өтүнүчтөрүн иликтөө максатында атайын депутаттык топ түзүлсүн,курамына төмөндөгү депутаттар бекитилсин.
Муллаев Ж - төрагасы
Өмүрзаков Б. -мүчөсү
Керимбеков Р. -мүчөсү
Айдаркулов Ө -мүчөсү
Анакеев Р. -мүчөсү
Керимбеков З. -мүчөсү
7. Шабданкулов А -мүчөсү
2. Кайрылган атуулдардын өтүнүчтөрүн мыйзам чегинде тактап, жыйынтыгын сессияга алып чыксын.
3. Назаралиев айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru – веб сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Б.Сооронкуловага жүктөлсүн.
5. Назаралиев айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru – веб сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага: | А.Эшалиев |
|