Загрузка документа…
Ш.НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 04-декабры № 16/4(л)
Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн сунуш каты жөнүндө
Жогорудагы маселени угуп жана талкуулап Назаралиев атындагы айылдык Кеңешинин кезектеги VII-чакырылышынын 16-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. 19.11.2019-жылдагы Нарын айылынын тургуну Сманалиев Шаршенбек жана Кененбаев Аваздын арызынын негизинде балдары Сманалиев Жанатбек жана Токтоназаров Бакыттын боор оорусуна чалдыгып алыскы Индия өлкөсүнө барып боорун алмаштырууга жана операция жасатууга керектүү акча каражатын бөлүп берүү жагы айыл өкмөткө тапшырылсын .
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча комитетин төрагасына милдеттендирилсин.
3. Назаралиев айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru – веб сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Б.Сооронкуловага жүктөлсүн.
5. Назаралиев айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru – веб сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага: | А.Эшалиев |
|