Загрузка документа…
ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-октябры №1
Достук айыл өкмөтүнүн муниципалдык токойлорду калыбына келтирүү долбоорунун алкагында муниципалдык токойлорду башкаруу планын жана инвестициялык долбоордун сунуштамасын бекитүү жөнүндө
Достук айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясы маселени күн тартибинде карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Достук айыл өкмөтүнүн муниципалдык токойлорду калыбына келтирүү максатында башкаруу планынын жана муниципалдык долбоордун сунуштамасынын шайкеш келүүсү жактырылсын.
2.Муниципалдык токойлорду башкаруу планынын негизинде которулуп берилүүчү
5 пайыздык акча каражатын табуу айыл өкмөтүнүн башчысы З.Мамасадыковго милдеттендирилсин.
3.Алгачкы инвестициялык долбоордун сунуштамасына баа берүү долбоордун талаптарына ылайык катышкан депутаттардын аныктоосу менен жүргүзүлсүн.
4.Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
5.Бул токтомду жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө инвестиция боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрагасы: | Э.Мансиркулов |
|