Загрузка документа…
ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 13-декабры №1
Шамалды-Сай айылынын маданият үйүн капиталдык ремонттоо долбоорун кароо жөнүндө
Эл депутаттарынын ХХVII чакырылышынын Достук айылдык кеңешинин кезектеги ХХVIII сессиясы күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Шамалды-Сай айылынын маданият үйүн капиталдык ремонттоо долбоору приоритеттүү деп табылсын жана долбоорго акча каражат бөлүү үчүн түрткү берүүчү грантка жөнөтүлсүн.
2.Шамалды-Сай айылынын маданият үйүн капиталдык ремонттоо долбооруна Достук айыл өкмөтүнүн 2020-жылы карала турган бюджетинин эсебинен өздүк салым 550448 (беш жүз элүү миң төрт жүз кырк сегиз) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
3.Каражатты ажыратып берүү айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы: | Э.Мансиркулов |
|