Загрузка документа…
КЫЗЫЛ ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-ноябры №179
Жалал-Абад областындагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсеп дирекциясынан 2019-жылга которулуп келген каражаттардын бөлүштүрүлүшүн жана аткарылышын кароо жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңештин Курулуш, архитектура, энергетика транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Э. Бакиевдин жана Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын сунушунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад областындагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсеп дирекциясынан Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнө 2019-жылга атайын фонддон бөлүнүүчү акча каражатты Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңештин Курулуш, архитектура, энергетика транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Э. Бакиевдин жана Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын негизинде төмөндөгүдөй бөлүштүрүлүп келген каражатты жумшоо жагы каралсын.
Камыш-Башы айылынын жаӊы конушуна электр мамысын орнотуп электр чубалгысын тартууга- 600,0 сом
Опоз айылынан Чеч-Дөбө айылына Таза суу чыгарууга -264,0сом
Орто-Жон айылына электр мамычасын жана электр чубалгысын тартууга тиешелүү документерин даярдоого -200,0 сом
Чеч-Дөбө айылына электр чубалгысын тартууга- 180,5 сом
Баардыгы: 1244,5 сом
Жалал-Абад областындагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсеп дирекциясынан Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнө 2019-жылга атайын фонддон бөлүнүүчү акча каражаттан калган төмөндөгүдөй пландаштырылып жумшалсын, каражатты бөлүп берүү жагы атайын эсеп дирекциясынан суралсын.
Кызыл-Өзгөрүш айылындагы № 31 К.Чодошев атындагы орто мектебинин ашканасын ремонттоого-484,0 сом
Орто-Жон айылына электр мамычасын жана электр чубалгысын тартууга тиешелүү документерин даярдоого -600,0 сом
Опоз айылынан Чеч-Дөбө айылына Таза суу чыгарууга -236,0сом
Баардыгы: 1320,0 сом
2. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнө 2019-жылга атайын фонддон бөлүнүүчү акча каражаттарды өз багытында жумшоо жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Т.Мундусбаевага жана айыл өкмөттүн ФЭБнүн башчысы Ж.Садыковго ташырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Мутуевге тапшырылсын.
4. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊешинин төрагасы: | Э. Сагынбеков |
|