Загрузка документа…
КЫЗЫЛ ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-ноябры №180
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеӊешке түшкөн кайрылууларды кароо жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеӊешке түшкөн кайрылууларды канааттандыруу максатында Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын 14.11.2019-жылдагы № 8 токтомунун негизинде Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеӊешке түшкөн кайрылууларды канааттандыруу максатында Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын отуруму эске алынсын.
Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен төмөндөгүдөй жылыштырып чыгымдоо жагы каралсын.
Бел-Кара-Суу айылынын туругу жаш ырчы Кутболсун Жээнбаевдин тушоо кесүү концертине- 20,0 сом
Бууракан айылындагы М.Термечиков атындагы орто мектептин айланасын тозууга -24,0сом
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊешинин мөөрүн, штампын, кириш-чыгыш штампын жасатууга-7,0 сом
Бел-Кара-Суу айылындагы таштанды таштоочу жайдын айланасын тозууга акча каражаты “Өнүгүү- Башаты” муниципалдык ишкананын директору Ж.Өскөнбаевге берилсин жана иштин аткарылышы көзөмөлгө алынсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Мутуевге жана Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Т.Мундусбаевага тапшырылсын.
3. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4.Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊешинин төрагасы: | Э. Сагынбеков |
|