Загрузка документа…
КЫЗЫЛ ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-ноябры №181
Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүндө 2019-жылдын декабрь айында аткарыла турган иштердин мөөнөтүн белгилеп тапшыруу жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин депутаттарынын сунушун угуп талкуулап,
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орто-Жон айылындагы А.Ибраимов атындагы орто мектебинин кичи футбол аянтчасынын проектисин жана дагы башка даяр проектилерди 2020-жылга стим грантка өткөрүлсүн.
2. Айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинен бөлүнгөн 70,0 сом акча каражат менен Аӊ-Арык айылындагы Ш.Сасыкулов атындагы көчөнүн жарыктандыруусун 2019-жылдын 15-декабрына чейин бүткөрүп тапшырылсын.
3. Бел-Кара-Суу айылындагы таштанды төгүлгөн жердин айланасын тазалап, тоздуруп күн батыш тарабынан ооз ачып, иш алып баруу жагы Ж.Өскөнбаевге тапшырылсын, көзөмөлдө жагы айыл өкмөт башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Т.Мундусбаевага милдеттендирилсин.
4. Тоодон эрте келип,эгин талаага түшкөн малдарды камоо учурунда алынган айып пулдардын акчасын мыйзам чегинде айыл өкмөттүн кассасына тактап кириштелсин.
5. Мыйзамсыз тозулган жолдорду карта менен мыйзам чегинде ачып берүү жана А.Ибраимов атындагы орто мектетин окуучуларын мектепке ташып келүүчү автоунааны жүрүшүн көзөмөлгө алып, жүргүзүү жагы айыл өкмөт башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Т.Мундусбаевага милдеттендирилсин.
6. К.Чодошев атындагы орто мектебинин жылуулук системасын оӊдоого кошумча каражат табуу жана стим грантка проект даярдап тапшыруу жагы айыл өкмөт башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Т.Мундусбаевага милдеттендирилсин.
7. Жогорудагы белгиленип көрсөтүлгөн маселелерди 2019-жылдын 15-декабрына чейин мөөнөтүнөн кечиктирбей аткаруу жагы айыл өкмөт башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Т.Мундусбаевага милдеттендирилсин.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеӊештин тиешелүү комитеттин төрагаларына тапшырылсын.
9. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
10 Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊешинин төрагасы: | Э. Сагынбеков |
|