Загрузка документа…
КЫЗЫЛ ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-ноябры №182
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы Бууракан айылынын тургундарынын сунушунун негизинде, Бууракан айылындагы ысымы жок көчөгө маркум Назарбаев Жолборс Эсенбаевичтин ысымын берүү жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңештин Социалдык маселелер, саламатыкты сактоо, билим берүү, маданият тармактары, дин иштери, спорт жана жаштар саясаты боюнча комиссиянын курамынын төрагасы Айтмурза уулу Азизбектин сунушун угуп талкуулап
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы Бууракан айылынын тургундарынын сунушунун негизинде, Бууракан айылындагы ысымы жок көчөгө айыл элинин социалдык-экономикасын көтөрүүгө кошкон салымын эске алып маркум Назарбаев Жолборс Эсенбаевичтин ысымы берилсин.
2. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы Бууракан айылындагы маркум Назарбаев Жолборс Эсенбаевичке ысмы берилген көчөнүн жашоочулары чогулуп көчө комитеттин көрсөтүп, көчөдөгү турак жайларга Назарбаев Жолборс Эсенбаевичтин ысымын, катар номерлерин катарынан тактап жаздырып илүү жана көчөнү жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштерин аткаруу жагы көчө комитетти Назарбаев Куралбек Эсенбаевичке милдеттендирилсин .
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Бууракан айылынын айыл башчысына жана көчө комитеттине тапшырылсын.
4. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊешинин төрагасы: | Э. Сагынбеков |
|