Загрузка документа…
КЫЗЫЛ ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-ноябры №183
2018-жылдын август айындагы №79 мыйзамынын негизинде чыккан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жыл 31-октябрындагы №512 токтомун аткаруу жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынында айыл өкмөтүн буйругунун негизинде жеке турак жай куруу үчүн сугат айдоо жерлерине 250 га жерлери берилип кеткен жана бул жер аянттарына турак үйлөр курулуп калган. Ошондуктан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 31.10.2018-жылдагы №512 токтому менен бекитилген 2009-жылдын 31-июлуна чейин суугат айдоо жерлерине берилип кеткен жер аянттарын тактап, трансформациялоо үчүн аталган токтомду жетекчилике алып,
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. 2009-жылдын 31- июлуна чейин жеке турак жай куруу үчүн берилип кеткен суугат айдоо жеринин такталган аянтарын турак жайларынын жерлери категориясына которуп (трансформациялоо) берүү жагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн суралсын.
2. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлгө алуу жагы жер жана айылдык кеӊештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрөгасы Төрөкулов Өмүрбекке милдеттендирилсин.
3. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kq сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊешинин төрагасы: | Э. Сагынбеков |
|