Загрузка документа…
КЫЗЫЛ ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-ноябры №184
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу Камыш-Башы айылындагы №35 Ж.Чаргынов атындагы орто мектебинин эмгек жамаатынын сунушу менен Эржан Муратка ”Кызыл-Өзгөрүш айылынын ардактуу атуул” наамын берүү жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу Камыш-Башы айылындагы №35 Ж.Чаргынов атындагы орто мектебинин эмгек жамаатынын сунушу эске алып,
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу Камыш-Башы айылындагы №35 Ж.Чаргынов атындагы орто мектебин 1993-жылы жаӊы курулушун бүтүрүп, ишке берип ошол жылдан ушул жылга чейин мектептин материалдык техникалык базасын чыӊдоого өз салымын кошуп келген Эржан Муратка мектептин эмгек жамаатынын сунушу менен ”Кызыл-Өзгөрүш айылынын ардактуу атуул” наамы берилсин.
2. ”Кызыл-Өзгөрүш айылынын ардактуу атуул” наамын берүүдө тиешелүү иш кагаздарын (күбөлүк, сертификат жана төш белги) даярдоо жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
3. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊешинин төрагасы: | Э. Сагынбеков |
|