Загрузка документа…
КЫЗЫЛ ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-ноябры №185
Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүнгөн каражатка алынган Бел-Кара-Суу, Шайык, Камыш-Башы, Коӊур-Өгүз айылдырынын окуучуларын мектепке алып келип, кетүү үчүн сатып алыган авто унааны айыл өкмөттүн балансасына кабыл алуу жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңештин Курулуш, архитектура, энергетика транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиянын сунушун эске алып,
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүнгөн каражатка алынган
2. Бел-Кара-Суу, Шайык, Камыш-Башы, Коӊур-Өгүз айылдырынын окуучуларын мектепке алып келип, кетүү үчүн сатып алыган авто унааны айыл өкмөттүн балансасына кабыл алынсын.
3. Автоунаанын тиешелүү документтерин даярдоо, элдик жыйындын негизинде айдоочуну дайындоо, айдоочунун айлык маянасын, авто унаанын иштөө тартибин бекитүү Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөт башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Т.Мундусбаевага милдеттендирилсин.
4. Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңештин Курулуш, архитектура, энергетика транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Э. Бакиевге тапшырылсын.
5. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊешинин төрагасы: | Э. Сагынбеков |
|