Загрузка документа…
КЫЗЫЛ ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-ноябры №186
Камыш-Башы айылындагы №35 Ж.Чаргынов атындагы орто мектебин трансформаторун оӊдоого керектүү тетиктерди алууга жана жаӊы туташтырылган интернетке компютерлерди кошуу үчүн сетевой кабель алууга каражат бөлүп берүү жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊешке Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун эске алып,
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Камыш-Башы айылындагы №35 Ж.Чаргынов атындагы орто мектебин трансформаторун оӊдоого керектүү тетиктерди алууга жана жаӊы туташтырылган интернетке компютерлерди кошуу үчүн сетевой кабель алууга айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинен акча каражат бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнгөн акча каражатты берүү жагы айыл өкмөттүн ФЭБнүн башчысы Ж.Садыковго ташырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Мутуевге тапшырылсын.
4. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊешинин төрагасы: | Э. Сагынбеков |
|