Загрузка документа…
КЫЗЫЛ ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-ноябры №187
Токтогул райондук прокуратурасынын 13.11.2019-жылдагы №11/1-1607-19 ченемдик укуктук актылардын бузулуусун четтетүү сунушун аткарууга алуу жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊешинин Регламент, депутаттык этика жана мандат, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиянын сунушун эске алып
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин , чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө” жана “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамдарынын талаптары аткарууга алынсын.
2. Сунушта көрсөтүлгөн ченемдик укуктук актылардын бузулушун, ага көмөк берген себептерди жана шарттарды четтетүү менен мындан ары болтурбоо жагы айылдык кеӊештин депутаттарына эскертилсин.
3. Айылдык кеӊештин депутаттары өздөрүнүн кирешелери, чыгымдарымилдеттенмелери жана мүлктөрү тууралуу декларацияны өз убагында тапшыруу жана маалыматтарды толугу менен киргизүү жагы милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин Регламент, депутаттык этика жана мандат, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
5. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
7. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊешинин төрагасы: | Э. Сагынбеков |
|