Загрузка документа…
КЫЗЫЛ ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-ноябры №188
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу Кызыл-Өзгөрүш айылындагы №31 К.Чодошев атындагы орто мектебинин жылуулук системасын алмаштыруу жана оӊдоп түзөө жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу Кызыл-Өзгөрүш айылындагы №31 К.Чодошев атындагы орто мектебинин директору Б.Термечиковдун сунушун эске алып,
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу Кызыл-Өзгөрүш айылындагы №31 К.Чодошев атындагы орто мектебинин жылуулук системасын алмаштыруу жана оӊдоп түзөө иштери аткарууг а алынсын.
2. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу Кызыл-Өзгөрүш айылындагы №31 К.Чодошев атындагы орто мектебинин жылуулук системасын алмаштыруу жана оӊдоп түзөө иштерин аткарууга алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңештин Социалдык маселелер, саламатыкты сактоо, билим берүү, маданият тармактары, дин иштери, спорт жана жаштар саясаты боюнча комиссиянын курамынын төрагасы Айтмурза уулу Азизбекке тапшырылсын.
4. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊешинин төрагасы: | Э. Сагынбеков |
|