Загрузка документа…
АК ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 10-июлу №2
Аксы токой чарбасынын аймагында жайгашкан турак-жайларга берилүүчү тех.паспорттордун мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан жасалбай жаткандыгы жөнүндө
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги XIV -сессиясынын күн тартибиндеги 2- маселеси Аксы токой чарбасынын аймагында жайгашкан турак-жайларга берилүүчү тех.паспорттордун мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан жасалбай жаткандыгы жөнүндө айыл өкмөтүнүн жер жана муниципалдык менчикти башкаруу адиси Ы.Молорбаевдин угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз XVI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Ак-Жол айылдык аймагынын Кызыл-Бейит , Кур-Кокту , Күрп , Кечүү, Райкомол айылдарынын кээ бир участкалары Аксы токой чарбасынын аймагында жайгашкандыктан ушул айылдын тургундары турак-жайы үчүн тиешелүү документтерин ала албастан пенсияга чыкканда , кредит алганда көптөгөн кыйынчылыктарга дуушар болуп жаткандыгы белгиленсин.
2. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн башчысына пайда болгон маселелерди тиешелүү инстанцияларга жана мекемелерге коюп чечүүнүн жолдорун табуу жагы жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Ак-Жол айылдык аймактык кеңешинин төрагасы: | Т. Батыралиев |
|