Загрузка документа…
АК ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 10-июлу №3
Ак-Жол айыл аймагынын иш жүзүндөгү чек арасындагы жер фондусун инвентаризациялоонун жыйынтыгын кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 03.03.2014-ж. “Кыргыз Республикасынын жер фондусун инвентаризациялоо жөнүндөгү” №114 Токтомунун негизинде, Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министирлигинин “Кыргыз мамлекеттик жер долбоорлоо” институтуна караштуу Жалал-Абад областтык жерге жайгаштыруу экспедиция тарабынан аткарылган Ак-Жол айыл аймагынын жер фондусун инвентаризациялоонун жыйынтыгынкарап чыгып, угуп жана талкуулап, Ак-Жол айылдык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз XVI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад областтык жерге жайгаштыруу экспедициясынын адистери тарабынан жүргүзүлгөн Ак-Жол айыл аймагынын жер фондусун инвентаризациялоо иштеринин жыйынтыгына толуктоо катары
-Ак-Жол айыл өкмөтүнүн Кызыл-Бейит айылындагы жайыт жер
маселеси Кара-Жыгач айыл өкмөтү менен .
-Ак-Жол айыл өкмөтүнүн чектеш Көк-Кыя , Жоон-Бакан участоктору Ак-Суу , Үч-Коргон айыл өкмөттөрү менен болгон талаш жер аянттары Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун 25.11.1968-жылдагы №421-VII-указына жана Кыргыз ССРиинин Жогорку Советинин Президиумунун 27.08.1982-жылдагы № 2946-X указына кошулуп чийилген тиркеме картага негиз жана Кызыл-Бейит , Күрп-Сай, Разан-Сай айылдарын Ак-Жол айылдык Советине өткөрүүдөгү 14.12.1994-жылдагы Жаны-Жол совхозу аркылуу түзүлгөн АКТысы эске алынсын.
2. Аксы райондук мамлекеттик администрациясынан Ак-Жол айыл аймагынын жер фондусун инвентаризациялоо боюнча жыйынтыгына кошумча киргизилген материалдарга негиз кабыл алынган айылдык Кеңештин токтомун бекитип берүү жагы суралсын.
3. Токтомдун аткарылуусун көзөмөлдөө жагын өзүмө аламын.
Ак-Жол айылдык аймактык кеңешинин төрагасы: | Т. Батыралиев |
|