Загрузка документа…
АК ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-октябры №1
Ак-Жол айыл аймагындагы байланыш бөлүмүнүн кызматкерлеринин жүргүзгөн иши , элди тейлөөдөгү абалы
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги ХVII -сессиясынын күн тартибиндеги 1- маселеси Ак-Жол айыл аймагындагы байланыш бөлүмүнүн кызматкерлеринин жүргүзгөн иши , элди тейлөөдөгү абалы жөнүндө Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин экономика, бюджет, соода жана байланыш маселелери комитеттин төрагасы Э.Эшалиевдин билдирүүсүн боюнча угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги ХVII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Байланыш кызматкерлеринин жалпы элди тейлөөдө жүргүзүп жаткан иши канааттандыралык деп табылсын.
2. “Таза коом” мамлекеттик күркөсүнүн кызматкери Бектеналиев Гүлжигиттин кызмат көрсөтүүсү талапка ылайык эместиги башкача айтканда күнүмдүк элди кабыл алуусу солгун экендиги белгиленсин.
3. Байланыш кызматынын жетекчиси Ж.Кулжабаевге “Таза коом” күркөсүнө байланышкан маселени чечүү жагын тез арада колго алуу жагы милдеттендирисин.
Ак-Жол айылдык аймактык кеңешинин төрагасы: | Т. Батыралиев |
|