Загрузка документа…
АК ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-октябры №2
Аксы токой чарбасы менен болгон талаш жер аянттары жөнүндө
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги ХVII -сессиясынын күн тартибиндеги 2- маселеси Аксы токой чарбасы менен болгон талаш жер аянттары жөнүндө айыл өкмөтүнүн Турак-жай жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча адиси Ы Молорбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги ХVII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. К. Р өкмөтүнүн 1992-жылдын 22-июнундагы №291-токтомуна негиз Ак-Жол айыл өкмөтүнүн жер фондусунан Аксы токой чарбасынын балансына 2501 га жер аянтынын ордуна 4521 га жер аянты өтүп кеткендиги белгиленсин.
2. Аксы токой чарбасы сыздырып алган жер аянттары элдин үлүш жерлерин камтыган Кара-Тыт , Нарын, Аң-Жылга , Эчкили , Жолборсту, Коргон-Жар , Райкомол , Кош-Алмурут, Бактулак,Ак-Тикен, Жалгыз –Жангак, Кайнама, Сырт,Көк-Жайык, Тепши.Чоң-Төбө .Чалчык,Жайык,Күйгөн участкаларынан жалпысы 4522,1 га жер аянты кайрадан Ак-Жол айыл өкмөтүнүн ээлигине калтырылып айыл өкмөтүнүн карамагындагы Кум-Бел жайлоосунан (ГЗЗ) 2501,1га жер аянты Аксы токой чарбасынын ээлигине берилип, айыл өкмөтүнүн чек ара сызыктарынын өзгөрүүсүнө макулдук берилсин .
3. Жер аянттарынын контрун , алмашуучу участкалардын аянтын тактоо үчүн атайын курамдагы жумушчу топ түзүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын турмушка ашыруу айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мырзагуловго милдеттендирилсин.
Ак-Жол айылдык аймактык кеңешинин төрагасы: | Т. Батыралиев |
|