Загрузка документа…
АК ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 20-ноябры №1
Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын январынан тартып 2018-жылдын декабрына чейинки мезгилдеги жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгын кароо жөнүндө
Ак-Жол айыл аймактык кенешинин VII-чакырылышынын кезексиз ХVIII-сессиясынын күн тартибиндеги биринчи маселеси болгон Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын январынан тартып 2018-жылдын декабрына чейинки мезгилдеги жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгын кароо жөнүндө Ак-Жол айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Туратбек уулу Бакбергендин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз ХVIII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын январынан тартып 2018-жылдын 31-декабрына чейинки аралыгындагы жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы канааттандырарлык деп табылсын.
2.Бухгалтердик эсепти жүргүзүү жана финасылык отчетторду түзүү Кыргыз Республикасыныны Финансы министрлигинин 21018-жыл дын 25-декабрындагы №137- “Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту жүргүзүү боюнча ” Жобону бекитүү жөнүндөгү буйругу менен бекитилген жобого ылайык жүргүзүлсүн.
3.Сатып алуулар Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 3-апрелиндеги №22-“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү” мыйзамынын талаптарына ылайык жүргүзүлсүн .
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Э.Эшалиевке жүктөлсүн.
Ак-Жол айылдык аймактык кеңешинин төрагасы: | Т. Батыралиев |
|