Загрузка документа…
Кара суу АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-ноябры №1
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлиги тарабынан Республикалык бюджеттен которулган кошумча 1000,0 (бир миллион) сом акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлиги тарабынан Республикалык бюджеттен кошумча которулган 1000,0 (бир миллион) сом акча каражаты жөнүндө Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Минбаев Дөөлөтбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Суу айылдык кенешинин Vlll чакырылышынын кезексиз XXlV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл өкмөтүнө караштуу маданият үйүнүн ондоо иштеринин экинчи траншына 800.0 (сегиз жүз) мин сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Кара-Суу айыл өкмөтүнө караштуу билим берүү мекемелерине сарпталуучу электр энергиясынын төлөмдөрү үчүн 200,0 (эки жүз) мин сом акча каражаты бөлүнүп берилсин
3.Жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн сметасына киргизилген өзгөртүүлөр боюнча иш алып баруу жагы башкы бухгалтер Т.Тилекбаевга милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин бюджет жана каржы комиссиясынын төрагасы А.Чалыбаевге жүктөлсүн.
Кара-Суу айылдык кеңешинин төрагасы: | Т. Малабеков |
|