Загрузка документа…
Кара суу АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-ноябры №2
Бухгалтердик эсепти жана отчеттуулукту уюштуруу , жүргүзүү боюнча КР Өкмөтүнүн 2014-жыл 15-сентябрындагы № 530 токтому, КР финансы министрлигинин 2018-жылы 25-декабрындагы “мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансалык отчеттуулукту жүргүзүү боюнча жобону бекитүү жөнүндө” буйругу менен бекитилген жобону жетекчиликке алуу менен l c «бухгалтерия ыкмасына” өткөрүп, иш алып баруу үчүн каражатты 2020-жылдын жергиликтүү бюджетинен бөлүү жөнүндө
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысы Т.Тилекбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Суу айылдык кенешинин Vlll чакырылышынын кезексиз XXlV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бухгалтердик эсепти жана отчеттуулукту уюштуруу , жүргүзүү боюнча КР Өкмөтүнүн 2014-жыл 15-сентябрындагы № 530 токтому, КР финансы министрлигинин 2018-жылы 25-декабрындагы “мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансалык отчеттуулукту жүргүзүү боюнча жобону бекитүү жөнүндө” буйругу менен бекитилген жобону жетекчиликке алуу менен l c «бухгалтерия ыкмасына өткөрүп, иш алып баруу үчүн каражатты 2020-жылдын жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин бюджет жана каржы комиссиясынын төрагасы А.Чалыбаевге жүктөлсүн.
Кара-Суу айылдык кеңешинин төрагасы: | Т. Малабеков |
|