Загрузка документа…
Кара суу АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-ноябры № 3
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2019-жылдын 17-сентябрындагы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү демилгелерди тандоонун жана каржылоонун тартиби жөнүндө” жана “Жарандарды жана алардын бирикмелерин тартуу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча органдарынын ишинин биргелешкен мониторингин жана баалоону жүргүзүү жөнүндө” жана Аксы районунун мамлекеттик администрациясынын 30.10.2019-жылдагы №01-17/1288 сандуу катын аткаруу жөнүндө
Кара-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Н. Жаркынбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Суу айылдык кенешинин Vlll чакырылышынын кезексиз XXlV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү демилгелерди тандоонун жана каржылоонун тартиби жөнүндө” жана “Жарандарды жана алардын бирикмелерин тартуу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча органдарынын ишинин биргелешкен мониторингин жана баалоону жүргүзүү жөнүндө” жобо бекитилсин.
2. Биргелешкен мониторингин жана баалоону жүргүзүү боюнча комиссиянын курамы төмөнкү атуулдардан түзүлсүн;
Бекбаева Жылдыз -жергиликтүү кеңештин депутаты
Шалпыков Суербек - жергиликтүү кеңештин депутаты
Ызабеков Элдияр -башкы салыкчы
Өзүбекова Венера -адис
Кубанычбек уулу Ф. - жаштар комитетинин төрагасы
3. Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Кара-Суу айылдык кеңешинин төрагасы: | Т. Малабеков |
|
Кара-Суу айыл өкмөтү тарабынан жергиликтүү демилгелерди тандоонун
каржылоонун тартиби жөнүндө жобо
Ушул жобо Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына жана башка Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык иштеп чыгылган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган жергиликтүү демилгелерди тандоосунун жана каржылоосунун тартибин белгилейт.
Кара-Суу айыл өкмөтү тарабынан жергиликтүү демилгелерди колдоого алуу жергиликтүү демилгелерди каржылоо жолу менен жергиликтүү жааматтын мүчөлөрүнүн алардын бирикмелеринин, башка жеке жана юридикалык жактардын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жигердүү катышуучуларын кызыктыруу максатында жүзөгө ашырылат.
Ушул жободо жергиликтүү демилгелер дегенде жергиликтүү маанидеги бир же бир нече маселени чечүүгө багытталган жана жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү, алардын бирикмелери, башка жеке жана юридикалык жактар тарабынан демилгеленген долбоор идеа жана башка демилгелер түшүнүлөт.
Жергиликтүү демилгелерди каржылоого каралган жергиликтүү бюджеттин каражаттары эл аралык жана башка уюмдардын каражаттары, жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулуктары ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каражаттар жергиликтүү демилгелерди каржылоонун булактары болуп саналат.
Жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылоосу мүмкүн болгон жергиликтүү демилгелердин түрлөрү: белгилуу каржылык ресурстарга жана (же) эмгектик жана каржылык эмес ресурстарга ээ жана кошумча каржылоону талап кылган жергиликтүү демилге (жергиликтүү демилгени кошо каржылоо):
2) белгилүү натыйжаларга жетишилген, бирок аны улантуу же бүткөрүү үчүн каржылоону талап кылган жергиликтүү демилге (жергиликтүү демилгени бекемдөө бүткөрүү ). Жергиликтүү өз алдынча башкарууну аткаруучу тарабынан жүзөгө ашырылат.
Жергиликтүү демилгени каржылоо жергиликтүү демилгенин мазмунуна жараша толук же жарым-жартылай болушу мумкун.
Жергиликтүү демилгени ишке ашыруу үчүн зарыл болгон жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүү аркылуу жергиликтүү демилгелерди каржылоо «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат.
Жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоо үчүн жергиликтүү демилгелерди тандоо конкурстук негизде ушул типтүү жобого ылайык жүзөгө ашырылат.
Тандоого бир календардык жылдын ичинде ишке ашырууга эсептелген жергиликтүү демилгелер катыша алышат.
Өзгөчө учурларда жергиликтүү демилгелерди тандоо боюнча комиссиянын сунушу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы жергиликтүү демилгени кезек-кезеги менен ишке ашыруу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.
Жергиликтүү демилгелерди каржылоого зарыл болуучу каражаттардын көлөмү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан жергиликтүү бюджеттин долбоорунда каралат жана жергиликтүү кенеш тарабынан бекитилет.
Эл аралык жана башка уюмдардын каражаттары жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулуктары ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыйуу салынбаган башка жергиликтүү демилгелерди каржылоонун алкактарында төмөнкүдөй тартипти пайдаланышы мүмкүн; көрсөтүлгөн каражаттар жергиликтүү демилгени каржылоо учун жергиликтүү бюджетке өткөрүлүп берилген учурда-ушул Жободо белгиленген тартипте жергиликтүү демилгенин каражаттарынын ээлерине түздөн-түз толук же жарым-жартылай каржылоосу каражат эсеби ээси тарабынан белгиленген тартипте.
Жергиликтүү бюджетте жергиликтүү демилгени каржылоого каралган каражаттардын эсебинен чыгымдардын төмөнкү түрлөрү каржылоого жол берилбейт: жергиликтүү жааматтын мүчөлөрүнө, алардын бирикмелерине жергиликтүү демилгени ишке ашырууга катышкан башка жеке жана юридикалык жактарга эмгек акыларды же башка сыйакыларды төлөп берүүгө, камсыздандыруу акыларын салыктарды жыйымдарды насыялар жана зайымдар боюнча милдеттенмелерди жоюуга жана тейлөөгө ошондой эле жергиликтуу демилгени ишке ашыруу менен байланышпаган башка чыгымдарды төлөөгө.
Жергиликтүү демилгенин ишке ашыруунун көзөмөлү монитеринге жана баалоо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан өз алдынча жүзөгө ашырылат жана жергиликтүү демилгени ишке ашырууга тоскоолдук кылбоого тийиш.
Жергиликтүү демилгени тандоо тууралу кулактандыруу.
Жергиликтүү демилгени тандоону өткөрүүнүн ачык-айкындыгын камсыз кылуу үчүн жергиликтүү демилгени тандоо боюнча конкурс жөнүндө (мындан ары –конкурс ) маалыматтар (мөөнөтү, өткөрүү тартиби, жергиликтүү маанидеги маселелер,конкурска катышып жаткан жергиликтүү демилгелер, катышуучулар, жеңүүчүлөрдү аныктоо критерийлери жана конкурска тиешелүү башка маалыматтар) жеке жана юридикалык жактар үчүн жеткиликтүү болушу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын расмий сайтына жарыяланышы, ал эми ал жок болгон учурда-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын маалымат текчесине (тактасына) жайгаштырылышы керек.
Арыз берүүчү-жергиликтүү жамааттын мүчөсү (-лору), алардын бирикмелери, жергиликтүү демилгени каржылоону алууга конкурстук билдирме берген (-ишкер) башка жеке жана юридикалык жактар (мындан ары-конкурстун катышуучусу ).
Конкурс жонундо кулактандыруу томонку маалыматтарды камтышы керек. 1) ушул Типтуу жобонун 26-п. саналган конкурска катышуу учун документтердин тизмегин;
2) жергиликтуу маанидеги маселелер, катышуучулар ошол боюнча конкурска катышып жаткан жергиликтүү демилгелер;
3) конкурсту өткөрүүнүн убактысы, орду жана тартиби, анын ичинде тандоонун критрийлери жана конкурстун жеңүүчүлөрүн аныктоонун мөөнөттөрү,
4) бир жергиликтүү демилгени ишке ашырууну каржылоонун максималдуу суммасы (эгерде ушундай сумма белгиленсе);
5) конкурска катышуу учун формаларды алууга мумкун болгон жергиликтуу оз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын почта дареги жана (же) корсотулгон формаларды электрондук турдо кочурмолоп алуу мумкун болгон анын расмий сайтынын дареги;
6) маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү алуу учун кайрылууга мумкун болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын жооптуу адамынын байланыш маалыматтары (фомилиясы, аты, атасынын аты, телефон номери жана электрондук почтасынын дареги);
7) суроо-талаптарды жөнөтүү жана конкурстун шарттары жаатында түшүнүк алуу мөөнөтү;
8) конкурска катышуу үчүн документтерди жөнөтүү керек болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын почта дареги, электрондук почтасы жана\же расмий сайтынын дареги;
9)конкурска катышуу үчүн документтерди кабыл алуу мөөнөтү.
Конкурсту өткөрүү жөнүндө кулактандыруунун болжолдуу формасы ушул Типтүү жобого карата келтирилген.
3. Комиссияны түзүүнүн тартиби жана иши
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы конкурстун женүүчүлөрүн аныктоо үчүн жергиликтүү демилгени тандоо боюнча комиссия түзөт (мындан ары-комиссия.
Комиссия 5 тен кем эмес кишиден турат :
-вице-мэр (айыл өкмөт башчысынын орун басары), көрсөтүлгөн кызмат орундары жок болгон учурда –аппарат жетекчиси, жооптуу катчы-комиссиясынын торагасы;
-жергиликтуу кенештин депутаттары (макулдашуу боюнча );
-мэриянын (айыл өкмөтүнүн ) миниципалдык кызматчысы –комиссиянын катчысы;
-жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча ).
Комиссиянын өздүк курамы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын жетекчисинин чечими менен бекитилет жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын расмий сайтына, ал эми жок болсо –жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын маалымат текчеси (тактасына ) жайгаштырылат.
Комиссиянын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү анын курамы бекитилген күндөн тартып 2 жылды түзөт.
Комиссиянын отуруму комиссиянын төрагасы тарабынан өзүнүн демилгеси боюнча же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын жетекчисинин демилгеси боюнча чакырылат. Отурумду комиссиянын төрагасы, ал эми ал жок болгондо
-отурумда катышып олтурган комиссия мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнүн добушу менен төрагалык кылуучулукка шайланган комиссия мүчөсү алып барат.
Комиссиянын катчысы комиссиянын ишин уюштурат, комиссия мүчөлөрүн пландалган отурумдар жөнүндө кабарландырат, комиссиянын отурумдарынын протоколдорун жүргүзүлүшү жана сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат жана комиссия мүчөлөрүнүн комиссиянын ишине катышууларына көмөктөшөт.
Комиссиянын отуруму, эгерде ага комиссия мүчөлөрүнүн 3\2 катышып олтурса, укук ченемдүү болуп эсептелет. Комиссиянын жок мүчөлөрүнүн башка адамдар менен алмаштырылышына жол берилбейт.
Комиссиянын кароосуна конкурстун катышуучуларын каттоого алуу журналында катталган баардык конкурстук билдирмелер киргизилет.
Комиссиянын чечимдери добуш беруу жолу менен кабыл алынат. Комиссиянын ар бир мүчөсү бирден добушка ээ болот. Комисстиянын чечими, эгерде ал учун отурумда катышып олтурган комиссия мүчөлөрүнүн көпчүлүгү добуш беришсе, кабыл алынган болуп эсептелет. «Макул» жана «каршы» добуштар тен болуп калганда, комиссиянын отурумунда торагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп эсептелет.
Комиссиянын чечими протокол менен жол-жоболонот. Комиссиянын отурумунун протоколунда күн тартибинин маселелери, добуш берүүнүн жыйынтыктары жана кабыл алынган чечимдер чагылдырылат. Комиссиянын отурумунун протоколуна отурумда катышып олтурган комиссиянын баардык мүчөлөрү кол коюшат.
Комиссиянын чечими менен макул болбогон учурда, комиссия мүчөсүнүн өзгөчө пикирин билдирүүгө укугу бар, ал комиссиянын отурумунун протоколуна киргизилет.
Комиссиянын чечими Кара-Суу айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланат, ал эми ал жок болгон учурда –жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын маалымат тактасына (текчесине) жайгаштырылат.
Комиссия мүчөлөрү комиссиянын иштерине акысыз негизде катышылат.
Конкурска катышуу үчүн зарыл болгон конкурстук документтер жана аларды берүүнүн тартиби.
Ушул Жобого карата форма боюнча арыз;
паспорттун көчүрмөсү (жеке адамдар учун ) юридикалык жак катары каттоо жөнүндө күбөлүктүн жана уставдын көчүрмөсү (юридикалык жактар учун );
сунуш (жергиликтүү демилгенин сыпаттамасы ) жана бюджет.
Конкурстук билдирмелер комиссияга конкурстун катышуучусунун тандоосу боюнча мамилекеттик же расмий тилде, төмөнкү ыкмалардын бири менен берилиши мүмкүн;
кагаз жүзүндө, конвертте-жеке озу, же болбосо почта менен, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына;
PDFформатында көчүрмөлөнгөн түрдө –электрондук почта менен жиберилет же болбосо, эгерде конкурстун шарттарында берүүнүн ушундай мүмкүнчүлүгү каралса, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы расмий сайты аркылуу жиберилет.
Конкурска берилуучу сунуш жергиликтүү (демилгенин сапаттамасы ) ушул жобого карата формада түзүлөт жана төмөнкүлөрдү кымтышы керек; аталышы максаттары жана кыскача сунуштар (жергиликтүү демилгенин сапаттамасы сунуштардын натыйжалуу жана же жанычыл идеалары ошондой эле жергиликтүү демилгени ишке ашыруу ыкмалары ).
Аларды аткаруу мөнөттөрү кошуп алганда жергиликтүү демилге боюнча иш чаралардын планы;(жергиликтүү демилгени ишке ашыруудан күтүлгөн натыйжалар.
Сунушка жергиликтүү демилгенин сапаттарына ) кат-милдеттеме жүргүзүлгөн чыгымдарды конкурстун катышуучусунун ресурстары (жергиликтуу демилгенин мазмунуна жараша ) бар экенин бышыктоочу каржылык жана башка дакументтер ал эми зарыл болгондо жергиликтүү демилгени ишке ашыруунун жүрүшүндө үнөмдөрдү натыйжаларды жана обьектерди эксплатациялоону жана мындан ары башкарууунун планы тиркелет.
Жергиликтүү демилгени бюджети ушул жобого карата ылайык формада түзүлөт жана төмөнкүлөрдү камтыйт.
чыгымдардын сметасын жана чыгымдардын ар бир статьясы боюнча каржылык эсептерди ;
суралган каржылоонун өлчөмүн;
өздүк салымдын жана тартылган каражаттардын өлчөмүн (жергиликтүү демилгени ишке ашыруунун алкактарында пайдалана турган каржылык каражаттар транспорт орун жай жана башка мүлктөр жергиликтүү демилгени ишке ашыруунун алкактарында аткаруучу жумуштар ж б).
Конкурстук билдирмелер учун формалар (арыз, сунуш (жергиликтуу демилгенин сапаттамасы ) жергиликтуу демилгенин бюджети жергиликтуу оз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын расмий сайттына жайгаштырылат ал эми ал жок болгон учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын маалымат тактасына (текчесине ) жайгаштырылат жана кызыктар жактардын суроо талаптары боюнча берилет.
Конкурстук билдирмелер конкурстун катышуучуларына тизме боюнча берилет, конкурстун катышуучуларынын колдору коюлат жана мөөрлөр менен күбөлөндүрүлөт (юридикалык жактар үчүн ).
Конкурс жөнүндө кулактандырууда көрсөтүлгөн конкурстук билдирмелерди кабыл алуунун мөөнөтү аяктаганга чейин, почта менен жиберилген конкурстук билдирмелер, мөөнөтүндө берилген болуп эсептелет.
Конкурстук билдирмелер берилген дата жана убакыт;
Конкурстук билдирмелердин катталган номерин;
Конкурстун катышуучусу фамилиясын, атын,атасынын атын (жеке адамдар үчүн ) жана конкурстун катышуучусунун аталышын (эридикалык жактар үчүн );
конкурстун катышуучусунун почта дарегин, электрондук почта дарегин жана телефон номерин;
жергиликтуу демилгенин аталышын;
конкурстук билдирмеге кошулган документтердин тизмеги.
Конкурсту болбой калды деп таануу жана кайрадан конкурс өткөрүү
Конкурс төмөнкү учурларда болбой калды деп таанылат:
конкурстук билдирмелер болгондо же болбосо конкурска катышууга бир конкурстук билдирме келип түшкөндө;
баардык конкурстук билдирмелер конкурс жонундо кулактандырууда көрсөтүлгөн мөөнөттөрдү бузуу менен берилгенде.
Конкурс болбой калды деп таанылган учурда, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы, конкурс болбой калды деп таанылган күндөн тартып 10 календардык күндон кечиктирбестен, кайрадан конкурс жарыялоого милдеттүү. Кайрадан өткөрүлгөн конкурс болбой калды деп таанылган учурда, жергиликтүу өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы жаны конкурс жарыялоого же болбосо жергиликтүү демилгени каржылоого арналган каражаттарды, жергиликтүү бюджетте каралган башка максаттарга пайдаланууга укуктуу.
6. Долбоордук сунуштарды баалоо
Конкурстук билдирмелерди баалоонун критрийлери, ушул жобого карата жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан түзүлгөн баалоо баракчасында камтылган.
Конкурстук билдирмелер комиссия мүчөлөрүнө кагаз түрүндө же болбосо электрондук формада берилет.
Конкурстук билдирмелерди баалоо эки этапта жүргүзүлөт. Баалоонун биринчи этабында, комиссия ар бир конкурстук билдирмени төмөнкү критрийлер боюнча баалайт;
жергиликтүү демилге жергиликтүү жааматтын жергиликтүү маанидеги бир же бир нече маселесин чечүүгө багытталган;
жергиликтүү демилге жүзөгө ашырыларлык;
Арыз конкурс жөнүндө кулактандырууда көрсөтүлгөн мөөнөттө берилген;
Жергиликтүү демилгени коржылоого суралган акчанын суммасы, конкурс жөнүндө кулактандырууда көрсөтүлгөн акча каражаттарынын максималдуу суммасынан ашпайт (эгерде ушундай сумма белгиленсе).
Мында бул этапта конкурстук билдирмелерди баалоо комиссиянын ар бир мүчөсү тарабынан эмес, а бүтүндөй комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
Эгерде комиссия конкурстук билдирмеге критрийлерди бири эле боюнча терс баа койгон учурда, комиссия бул конкурстук билдирмени четке кагуу тууралуу чечим кабыл алат.
Баардык критрийлер боюнча биринчи этапта он баа алган конкурстук билдирмелерди баары конкурстун кийинки этабына кое берилет.
Конкурстун экинчи этабында комиссиянын мүчөлөрү тарабынан конкурстук билдирмелерди баалоо төмөнкүдөй тартипте жүзөгө ашырылат.
Комиссия мүчөсү ар бир конкурстук билдирмени окуп-үйрөнөт;
Конкурстук билдирмелерди окуп-үйрөнүүнүн натыйжалары боюнча комиссия тарабынан ар бир конкурстук билдирмени талкуулоо өткөрүлөт, андан кийин комиссиянын мүчөлөрү, баалоо баракчасына баалоонун ар бир критерийи боюнча балдарды коюшат;
Комиссия мүчөсү тарабынан баардык критрийлер боюнча баалоо баракчасына коюлган балдар кошулат жана алынган сумма комиссия мүчөсүнүн конкурстук билдирмеге берген баасы деп эсептелет (баалоо баракчасына комиссия мүчөсүнүн колу коюлат жана комиссияда сакталат);
Ар бир конкурстук билдирме боюнча комиссия мүчөлөрүнүн баалары кошулат жана баалоо баракчаларынын санына барабар санга бөлүнөт, ошондой алынган орточо маани конкурстук билдирме боюнча жыйынтык балл болуп эсептелет;
Конкурстук билдирмелер боюнча жыйынтык баллдар кемүү тартибинде жалпы рейтинкдик тизмеге киргизилет;
Эгерде бир нече конкурстук билдирмелер тен сандагы баллдарды алышса, анда алар рейтингдик тизмеге конкурска катышуу учун бардык документтердин пакетин берген убактысына жараша (хронологиялык ырааттуулукта) киргизилет; баардык документтер бир убакта берилген учурда,ушул конкурстук билдирмелердин рейтингдик тизмесиндеги орундуу аныктоо үчүн, комиссия тарабынан аныкталган тартипте чучу кулак өткөрүлөт.
Комиссиянын чечими менен, рейтингдик тизмеде конкурстук билдирмелери эн жогорку балл алган конкурстун катышуучулары женүүчүлөр деп табылат.
Конкурстук билдирмелерди баалоо конкурстук билдирмелерди кабыл алуу аяктаган күндөн тартып, 15 календардык күндүн ичинде жүзөгө ашырылат.
7. Конкурстун жыйынтыктарын чыгаруу жана коомчулукту анын натыйжалары жөнүндө кабарландыруу
Жеңүүчү катары таанылган жергиликтүү демилгелердин саны жергиликтүү бюджетте жергиликтүү демилгелерди каржылоого каралган каражаттардын көлөмүнө жараша комиссия тарабынан аныкталат.
Конкурстун натыйжалары жөнүндө комиссиянын чечими комиссия тарабынан чечим кабыл алынган күндөн тартып 3 жумушчу күндөн кечиктирилбестен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдын жетекчиси тарабынан бекитилет. Конкурстун жеңүүчүсү деп таануу жөнүндө комиссиянын чечими жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан өзгөртүлүшү мүмкүн эмес.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын тескемесин жана конкурстун жеңүүчүлөрүнүн тизмеси тескеме чыккан күндөн тартып кечиктирилбестен конкурстун женүүчүлөрүнүн атын жана аталышын алар алган баллдарды көрсөтүү менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын расмий сайтына ал эми ал жок болгон учурда маалымат текчесине (тактасына) жарыяланат.
8. Жергиликтүү демилгени ишке ашыруу жөнүндө макулдашуу.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы конкурстун жеңүүчүсү менен (мындан ары жергиликтүү демилгени аткаруучусу ) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдардын жетекчиси конкурстун натыйжаларын бекиткен күндөн тартып 14 жумушчу күндүн ичинде жергиликтүү демилгенин ичинде демилгени ишке ашыруу жөнүндө Макулдашуу (мындан ары макулдашуу) түзөт .
Конкурстук билдирменин негизинде Макулдашууга карата жергиликтүү демилгени ишке ашыруу техникалык тапшырма түзүлөт. Техникалык тапшырманын жергиликтүү демилгенин Аткаруучусунун макулдуулугусуз, конкурстук билдирмеде каралбаган кошумча иш-чаралар киргизилиши мүмкүн эмес.
Макулдашуу ушул жобого карата формасы берилген жергиликтүү демилгени ишке ашыруу жөнүндө макулдашуунун негизинде түзүлөт.
Жергиликтүү демилгени ишке ашырууну каржылоо этап-этап менен жүзөгө ашырылат. Эгерде макулдашууда жергиликтуу демилгени этаптар боюнча каржылоо каралса, анда жергиликтуу демилгени ишке ашыруунун ар бир этабы аяктагандан кийин, жергиликтуу демилгенин Аткаруучусу тарабынан жергиликтуу оз алдынча башкаруунун аткаруучу органына отчет берилет, ал жактырылгандан кийин жергиликтүү демилгени ишке ашыруунун кийинки этабын каржылоо жүзөгө ашырылат.
9. Долбоорду көзөмөлдөө, мониторинг жана баалоо
Жергиликтуу демилгенин ишке ашырылышын козомолдоо жергиликтуу оз алдынча башкаруунун аткаруучу органына жуктолот. Жергиликтүү демилге ишке ашырылгандан кийин жергиликтуу демилгенин Аткаруучусу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына төмөнкүлөрдү берет;
-оздук салымын жана тартылган каражаттардын коломуу жонундо маалыматтарды корсотуу менен, жергиликтуу демилгени ишке ашыруунун натыйжалары жонундо отчет (жергиликтуу демилгени ишке ашыруунун алкактарында пайдаланылган каржылык каражат, транспорт, орун жай жана башка мулк жана аткарылган жумуштар ж.б);
-отчетко тиркелет: жергиликтуу демилгенин Аткаруучусунун оздук кошо-каржылоо каражаттары жана башка тартылган каражаттардын киргизилгенин бышыктоочу документтер, Макулдашууда белгиленген талаптарга ылайык башка документтер.
Отчеттору ушул жобого карата форма боюнча берилет.
51. Жергиликту демилгени ишке ашыруунун журушундо тузулгон обьектерди мунсипалдык менчике откоруп берген учурда, бул обьекттерди кабыл алуу жергиликтуу оз алдынча башкарууну аткаруучу органы тарабынан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жузоого ашырылат
52. Жергиликтуу оз алдынча башкарунун аткаруучу органы томонку предметке жергиликтуу демигенин ишке ашырылышын мониторингин жүзөгө ашырат
Жергиликтуу органдын аткаручусунун макулдашучу шарттарын аткаруусун: сандык жанан сапаттык корсоткучто жетишилген аралыкты жетишкендиктерди жанан жергиликтуу демилгени ишке ашырууну айакы натыйжалары
Жергиликтуу демилгени ишке ашуруну учурундагы натыйжаларын маниторики жергиликтуу демилгени ишке ашыруунун журушунда пайда болгон койгойлорду жана маселелерди чечуучу талкуулоо жергиликтуу демилгени аткаруучусуна комок корсотууну уюштуру учун пайдаланышы мумкун.
53. Жергиликтүү демилгени аткаруучусу макулдашунун шарттарын аткарбаган учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы макулдашуунун бир тараптуу тартипте бузууга жана каржылоону токтото турууга укугу бар.
Жарандарды жана алардын бирикмелерин тартуу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча Кара-Суу айыл өкмөтүнүн ишинин биргелешкен мониторингин жана баалоону жүргүзүү жөнүндө жобо
Ушул жобо Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына жана жобого ылайык иштелип чыккан,жарандарды жана алардын бирикмелерин тартуу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин биргелешкен мониторингин жана баалоону жүргүзүүнүн укуктук негиздерин жана жалпы типтүү шарттарын аныктайт.
Жарандардын жана алардын бирикмелерин катышуусу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин мониторинги жана балоо биргелешкен мониторинг жана балоо болуп аталат.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин биргелешкен мониторингинин жана балоонун обьекттери болуп төмөнкүлөр саналат:
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы;
Муниципалдык ишканалар жана мекемелер;
Жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашырууда жеткирип берүүчүлөр (подрядчылар) жана консультанттар;
Тиешелүү аймактын жергиликтүү коомдоштугунун турмуш-тиричилигин камсыз кылууга тийиштүү кызматтарды көрсөтүүчү коомдук уюмдар жана бирикмелер (сууну пайдалануучулардын ассоциациясы) (СПА), ичүүчү сууну пайдалануучулардын айылдык коомдук бирикмеси (ИПАКБ), жайыт комитеттери жана башкалар.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары биргелешкен мониторингди жана баалоону уюштуруучулар болуп саналышат. Биргелешкен мониторинг жана балоо жарандарды, алардын бирикмелеринин өкүлдөрүн жана жергиликтүү кеңештин чечими боюнча түзүүлүчү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн камтыган биргелешкен мониторинг жана балоо (мындан ары- БМ жана Б)тобу тарабынан жүргүзүлөт.
Биргелешкен мониторинг жана балоо маалыматтык-телекоммуникациялык тутумдарды жана технологияларды, анан ичинде “Интернет” түйүндөрүн пайдалануу менен көпчүлүк алдында ачык жүргүзүлөт.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин мониторинг-бул жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан уюштурулучу жана жарандардын жана алардын бирикмелеринин катышуусу менен жүргүзүлүүсү мониторинг жана баалоо обьекттеринин ишине туруктуу же убактылуу байкоо жүргүзү.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин баалоо-бул жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан уюштурулучу жана жарандарды жана алардын бирикмелерин катышуусу менен жүргүзүлүүчү мониторинг жана баалоо обьекттеринин ишинин натыйжаларын дайыма же бир жолку баалоо.
2. Биргелешкен мониторингдин жана баалоонун максаттары жана милдеттери
2.1 Биргелешкен мониторингдин жана баалоонун максаттары төмөнкүлөр болуп саналат:
1)адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин, жарандардын бирикмелеринин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын ишке ашырууну жана коргоону камсыз кылуу:
2)жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан чечимдерди кабыл алууда коомдук пикирлерди ,жарандардын жана алардын бирикмелеринин сунуштарын жана сунуштамаларын эсепке алууну камсыз кылуу;
3)мониторинг жана баалоо обьекттеринин ишин коомдук баалоо;
4)коррупциянын алдын алууга жана жоюуга көмөк көрсөтүү;
2.2. Биргелешкен мониторингдин жана баалоонун милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1)жергиликтүү өз алдынчабашкаруу органдарынын ишинин айкындуулугун жана ачыктыгын камсыз кылуу.
2)жергиликтүү оз алдынча башкаруу органдарынын коомчулук менен кызматташуу усулдарынын натыйжалуулугун табуу;
3)мониторинг жана баалоо обьекттеринин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу;
4)мониторинг жана баалоо обьекттеринин ишин бүтүндөйүнөн калк тарабынан жана атап айтканда айрым социалдык топтор (аялдар,жаштар,улгайгандар,жумушсуздар,ДМЧА жана башкалар)тарабынан канаттануунун деңгээлин изилдөө;
5)социалдык-экономикалык программаларды, биргелешип аракеттенүүлөрдүн пландарын жана тендердик саясатты ишке ашыруу боюнча пландарды жана айылдык аймактын,шаардын башка программалык документтерин (мындан ары-өнүктүрүү программаларын жана пландарын) ишке ашырууда иш жүзүндө пайдалануучу убактылуу жана материалдык (анын ичинде финансылык) ресурстарды талдоону жана баалоону табуу, кийин табылган четтөөлөрдү четтетүү, өнүктүрү программаларын жана пландарын ишке ашыруунун динамикасын контролдоо боюнча иш-чараларды аныктоо жана ишке ашыруу;
6)иштин кемчиликтери жана мониторинг жана баалоо обьектеринин ишине калктын канаттанбаганы жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына маалымдоо, аларды четтетүү боюнча сунуштарды жиберүү.
3. Биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүүдөгү негизги принциптер жана талантар.
3.1. Биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүнүн негизги принциптери төмөнкүлөр болуп саналат:
Адамдын жана жарандын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын артыкчылыгы, басмырлоонун кандай гана болбосун формаларына чыдамсыздык;
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин ак ниеттүүлүгүн презумициялоо; Иштин ыктырдуулугу жана мыйзамдуулугу, БМ жана Б топторунун объективдүүлү кынтыксыздыгы жана анын натыйжаларынын айкындыгы ачыктыгы;
БМ жанаБ тобунун ишинин натыйжалары боюнча даярдалган жыйынтыктоочу документтерди жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кароонун милдеттүүлүгү жана БМ жана Б тобунун сунуштарын, сунуштамаларын жана тыянактарын эсепке алуу;
биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүүнүн бүтүндүгү жана оперативдүүлүгү.
3.2. Биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүү процессине карата негизги талаптар:
Баштапкы маалыматтын объективдүүлүгү жана жетиштүулүгү;
Маалыматтын кошумча булактарын тартуу;
мониторингдин жана баалоонун натыйжаларынын дайыма салыштыруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу;
баалоонун зарыл жана жетиштүү критрийлеринин минималдуу санын тандоо;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мониторингдин жүрүшүндө алынган маалыматтардын купуялуулугун сактоо; биргелешкен мониторинг жана баалоо объекттеринин мыйзамдуу ишине тоскоолдуктарды түзүүнун жол берилбестиги.
IV. Биргелешкен мониторингдин жана баалоонун предмети жана объекттери Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүго багытталган мониторингдин жана баалоо объекттеринин ишинин процесси жана натыйжалары биргелешкен мониторингдин жана баалоонун предмети болуп саналат, төмөнкүлөрдү камтыйт;
-айылдык аймакты, шаарды өнүктүрүү программаларын жана пландарын ишке ашырууну; -жергиликтүү жана (же) республикалык бюджеттерин, эл аралык жана башка донордук уюмдардын, демөөрчүлөрдүн каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка булактардан финансылануучу жергиликтүү демилгелерди, долбоорлорду программаларды ишке ашырууну; -жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен мамлекеттин сатып алууларды жүзөгө ашыруу даталарды жеткирип берүүнү, кызматтарды көрсөтүүнү жана жумуштарды аткарууну, ошондой эле консультациялык кызмат.
4.2. Биргелешкен мониторингдин жана баалоонун объекттери төмөнкулөр болуп саналат:
-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы; -муниципалдык ишканалар жана мекемелер; -жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашырууда жеткирип берүүчүлөр (подрядчылар) жана консультанттар; -тиешелүү аймактын жергиликтүү коомдоштугунун турмуш-тиричилигин камсыз кылууга тийиштүү кызматтарды көрсөтүүчү коомдук уюмдар жана бирикмелер (сууну пайдалануучулардын ассоциациясы (СПА), ичүүчү сууну пайдалануучулардын айылдык коомдук бирикмеси (ИСПАКБ), жайыт комитеттери жана башкалар.
4.3. Биргелешкен мониторингдин жана баалоонун объектери төмөнкүлөргө милдеттүү;
- Мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарды, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен ага карата жеткиликтүүлүк чектелген жеке маалымдар жана маалыматтар жөнүндө маалыматтарды камтыган маалыматты кошпогондо, биргелешкен мониторингдин жана баалоонун предмети болгон бөлүгүндө өз иши жөнүндө БМ жана Б тобуна маалымат берүүгө; - алар тарабынан жиберилген суроо-талаптарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдароында белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө кароого; -табылган өксүктөрдү жана кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштамаларды талкулоо жана иш-чараларды иштеп чыгууучун БМ жана Б тобу тарабынан жиберилген биргелешкен мониторингдин жана баалоонун натыйжалары жөнүндө документерди кароого; - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткарүүорганына (биргелешкен мониторингдин жана баалоонун объекти жергиликтүү өз алынча башкаруунун аткарүү органы болуп саналган учурлардан тышкары) БМ жана Б тобуна көчүрмөсү менен кемчиликтердин себептери жөнүндө жана кырдаалды ондоо боюнча пландаштырылган чаралар жонүндө биргелешкен мониторингдин жана баалоонун натыйжалары жөнүндө документти алган учурдан тартып 10 жумушчу күндөн кечиктирбестен маалымат берүүгө. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы БМ жана Б тобунан биргелешкен мониторингдин жана баалоонун натыйжалары жөнүндө документти алган учурдан тартып 30 календардык күндөн кечиктирбестен БМ жана Б тобу тарабынан табылган кемчиликтерди четтетүү үчүн көрүлгөн чаралар жөнүндө жалпылаштырылган маалыматты жергиликтүү кенешке маалымдоого.
V. Биргелешкен мониторингди жана баалоону уюштуруу
5.1. БМ жана Б тобун түзүү
Биргелешкен мониторингдин жана баалоонун максаттарына жетүү жана милдеттерин аткарууну камсыз кылуу үчүн жергиликтүү кенеш БМ жана Б тобун түзөт. БМ жана Б топторунун ишин жузөгө ашыруунун тартиби ушул Жобо менен аныкталат.
5.2. Бм жана Б тобунун курамы
5.2.1. БМ жана Б тобу мучолордун так санынан-18 жашка чыккан, тиешелүү жергиликтүү кенештин мучөсү болуп саналган 5тен 15ке чейинки Кыргыз Республикасынын жарандарынан турат.
5.2.2. БМ жана Б тобунун тобунун курамына жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этноско таандыктыгы, туткан дини, курагы,саясий же башка ынанымдарды, билими,теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоосуз, ушул Жобого ылайык сунуш кылынган жана шайланган адамдар кирет. 5.2.3. БМ жана Б тобу төмөнкү курамда түзүлөт; 1) БМ жана Б тобунун курамынын 4/1 кем эмеси – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын муниципалдык кызматкерлери;
7.2. БМ жана Б тобунун ишинин негизги формалары.
7.2.1. БМ жана Б тобунун ишинин негизги формалары болуп БМ жана Б тобунун жыйналыштары, жумушчу топтордун жыйналыштары, коомдук талкуулоолорго катышуу ( жыйындар, чогулуштар, коомдук угулар) жана башкалар саналат.
7.2.2. БМ жана Б тобунун жыйналышы БМ жана Б тобунун ишинин планына ылайык (мындан аары –Иш план), бирок кварталда бир жолудан көп эмес өткөрүлөт.
7.2.3 Эгерде ага БМ жана Б тобунун мүчөлөрүнүн жалпы санынан жарымынан күбө катышса, жыйналыш ыйгарым укуктуу деп эсептелет.
7.2.4 БМ жана Б тобунун төрөгасы БМ жана Б тобунун ишин жетектейт жана уюштурат, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана мамлекеттик органдар,башка юридикалык жана жеке жаштар менен мамилелерде БМ жана Б тобунун атынан чыгат, иш кагаздарын уюштуруу, ошондой эле ар жылкы жыйындарды жана башка иш-чараларды (БМ жана Б тобунун ишинин натыйжаларын даярдоо жана презентациялоо)уюштуруу учун жоопкерчилик тартат.
7.2.5 БМ жана Б тобунун төрагасы БМ жана Б жүргүзүүнүн жүрүшөндө пайдаланылган документтердин ( анкеталардын , тизмелердин, фото жана башкалардын), ошондой эле БМ жана Б натыйжаларын чагылдыруучу документердин (актылардын, отчеттордун жана башкалардын) сакталышын камсыз кылат.
7.3 БМ жана Б тобунун ыйгарым укуктары.
7.3.1 Коюлган милдеттерди аткаруу үчүн БМ жана Б тобу:
-иш пландын долбоорун иштеп чыгат;
-иш план жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына маалымдайт, иш планды жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы менен талкулагандан кийин, зарыл болгон учурда өзгөртүү жана толуктоо киргизет.Жергиликтүү оз алдынча башкаруунун аткаруу органы өз компетенциясына кирген маселелер боюнча иш чараларды өткөрүүнү иш планга киргизүү боюнча сунуш киргизүүго укуктуу;
-жергиликүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы менен талкууланган иш планды жергиликтүү кенештин бекитүүсүнө киргизет.
-конкрентүү обьекттинин биргелешкен мониторинги жана баалоо мониторинги жана баалоонун планына ылайык жүргүзүлөт.
-сурамжылоолорду (анкеталоону), фокус-топту,
товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү, жана (же) ишке ашырылган долбоорлордон, демилгелерден тикелей пайда алуучулар менен анын ичинде жерине баруу менен, аңгемелешүүлөрдү жүргүзөт;
-биргелешкен мониторинг жана баалоо процесинде даярдалган, биргелешкен мониторинг жана баалоо обьекттеринин алынган документтерди (анкеталарды, графиктерди, отчетторду, каттоо журналдарын, катышуучулардын тизмелерин жана башкаларды)талдоону жүзөгө ашырат;
-иш-чараларга (коомдоштуктардын муктаждыктарын биргелешип иликтөө (КМБИ), коомдук угууларга, жыйындарга, курултайларга, жана башкаларга)байкоочулар катары катышат;
-өнүктүрүү пландарын ишке ашыруу (демилгелерди, долбоорлорду, програмаларды жана башкаларды ишке ашыруу) менен байланышкан иш-чараларга байкоочулар катары катышат.
-жергиликтүү кеңешке,жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына биргелешкен мониторинг жана баалоо обьекттерине жана жергиликтүү коомдоштукка биргелешкен мониторингдин жана баалоонун жүрүшүндө табылган проблемалар жөнүндө өз убагында маалымдайт;
-биргелешкен мониторинг жана баалоо обьекттерине биргелешкен мониторингдин жана баалоонун предмети боюнча сунуштамаларды берет жана сунуштарды киргизет.
-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына жана жергиликтүү кенешке биргелешкен мониторинг жана баалоо боюнча отчет берет;
7.3.2. Проблемалардын жана өнүктүрүү программаларынын жана пландарынын пландаштырылган параметиринен четтөөлөрдүн келип чыгышынын эртелеп алдын алуу үчүн биргелешкен мониторинг жана баалоо жөнүндө обьектеринин ишине биргелешкен мониторингдин жана баалоонун, кызмат көрсөтүүлөрдү камсыз кылуунун максатында БМ жана Б тобу төмөнкүлөргө укуктуу:
1)мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарды, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен ага карата жергиликтүү чектелген жеке маалымдар жана маалыматтар жөнүндө маалыматтарды камтыган маалыматты кошпогондо биргелешкен мониторингдин жана баалоонун обьектеринен маалымат суратууга;
2)өнүктүрүү программаларын жана пландарын ишке ашыруу статусун баалоо жүргүзүлүчү иш-чаралардын өнүктүрүү програмаларына жана пландарына, ошондой эле Жергиликтүү коомдоштуктун уставынын талаптарына мониторинг планына ылайык келүүсүн баалоо үчүн тиешелүү обьектерге барууга көрмө кароолорго өлчөлөрдү жүргүзүү жана мониторингдин башка ыкмаларын пайдаланууга;
3)жарандардын жана алардын бирикмелеринин биргелешип мониторинг жана баалоо обектеринин ишине ошондой эле онүктүрүү програмаларына жана пландарына жана алардын аткарылышына мамилесин аныктоо үчүн коомдук пикирди (жергиликтүү коомдоштуктун ар кыл катмарларын жана социалдык топторунун) иликтөөнү жүргүзүгө;
4)өнүктүрүү программаларын жана пландарын доолборлорду, демилгелерди аткарбоо же талаптагыдай аткарбоо товарларды,кызмат көрсөтүүлөрдү, жумуштарды жүргүзүүнү сапатсыз же өз убагында бербеген фактылар табылган учурда;
5)ЖӨБ органдарынын айкындуулугунун деңгелин бюжеттик айкындуулугун муниципалдык индексин аларды жүргүзүнү усулун аныктоочу типтүү жоболорго ылайык муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын баалоону жүргүзүүгө.
6)биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүүгө жарандарды жана алардын бирикмелерин илимий эксперттик уюмдарды көз карандысыз эксперттерди, жалпыга маалымдоо каражаттарын жана башкаларды тартууга;
7)биргелешкен мониторингдин жана баалоонун айрым маселелери боюнча жумушчу топторду түзүүгө:
8. Биргелешкен мониторингдин жана баалоонун натыйжалары жөнүндө документтер.
8.1 Иш планга ылайык БМ жана Б тобу тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжалары боюнча тиешелүү документер: акт жана жыйынды отчет түзүлөт. Мониторингдин жана баалоонун актысы (мындан ары-акт) биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүү фактысын ырастаган документ болуп саналат.Төмөнкү милдеттүү маалыматтарды камтыйт.
- биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүнүн максатын;
- биргелешкен мониторингдин жана баалоонун предментин жана обьектисин:
-биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүнүн орду;
-биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүнүн мөнөттөрү;
-төмөнкүлөрдү кошуп алган биргелешкен мониторингдин жана баалоонун натыйжаларын сапаттоо:
- фактыларды же
-бааалоонун натыйжаларын табуу (анкеталоо, изилдөө,фокус топтор,коомдук пикирди сурамжылоо жана д.у.с)
-биргелешкен мониторингдин жана бааалоонун натыйжалары боюнча сунуштамалар жана сунуштар.
-Актылар тиркемелер (протоколдор, фото, көрмө материалдар жана дус).
Жыйынды отчет иш планга ылайык биргелешкен мониторингдин жана баалоонун алкагында белгилүү бир мезгилдин убагында (жарым жыл,жыл) өткөрүлгөн иш-чаралар жөнүндө кыскача маалыматты камтыган документ болуп саналат. Жыйынды отчстто биргелешкен мониторингдин жана баалоонун натыйжалары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген актылар жөнүндө жалпылаштырылган маалыматтар, берилүүчү актыларга жана сунуштамаларга жооп иретинде биргелешкен мониторингдин жана баалоонун обьектеринин иш-аракеттери жөнүндө маалыматтар, ошондой эле биргелешкен мониторинг жана баалоо боюнча өткөрүлгөн иш-чаралардын натыйжалары камтылат.
8.2. Акт БМ жана Б тобу тарабынан биргелешкен мониторинг жана баалоо обьектине, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына жана жергиликтүү кеңешке жиберилет.
8.3. Акт ушул Жобону 4.2 пунктуна ылайык биргелешкен мониторинг жана баалоо обьектери тарабынан милдеттүү каралууга жатат.
8.4. Биргелешкен мониторингдин жана баалоонун натыйжаларына жараша жергиликтүү кеңеш БМ жана Б тобунун сунуштамаларын аткаруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын жетекчисинин отчету үчүн жергиликтүү кеңештин кезексиз сессиясын чыгарууга же коомдук талкулоо өткөрүүнү (жыйын, коомдук угуулар, курултай жана башка) демилгелөөгө укуктуу.
8.5. БМ жана Б тобунун ишинин натыйжалары боюнча жыйында отчет БМ жана Б тобунун мүчөлөрүнүн активдүү катышуусу менен БМ жана Б тобунун төрагасынын жетекчилиги астында даярдалат. БМ жана Б тобунун төрагасы (БМ жана Б тобунун төрагасынын мүмкүнчүлүгү болбогон учурда, БМ жана Б тобунун төрагасы тарабынан аныкталган БМ жана Б тобунун мүчөсү) ЖӨБ аткаруу органынын өнүктүрүү программаларынын жана пландарынын аткарылышы туралуу жыл сайын көпчүлүк алдында берилүүчү отчетунун убагында жергиликтүү коомдоштук үчүн отчеттун презентациясын өткөрөт. Биргелешкен мониторингдин жана баалоонун натыйжалары боюнча даярдалган жыйында отчет жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын расмий сайттарына жарыяланат жана (же)көрүнүктүү атайын жайларга (такталарга,стенддерге) жайгаштырылат.
Жооптуу катчы: | Т.Азимбаева |
|