Загрузка документа…
КОЧКОР АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-ноябры №01-5/184
Жергиликтүү бюджеттин тогуз ай ичинде пландын аткарылышы жана салыктардын түрү боюнча маалыматы жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы, бюджеттин тогуз ай ичинде пландын аткарылышы жана салыктардын түрү боюнча “Бюджет, каржы, экономика, салык инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиянын берген корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын ”Бюджеттик Кодексинин” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү бюджеттин тогуз ай ичинде пландын аткарылышы жана салыктардын түрү боюнча шаар мэриясынын маалыматы жактырылсын.
2. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Бюджет, каржы, экономика, салык инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы, экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төраганын милдетин аткаруучу: | Я.Т.Абдурахманов |
|