Загрузка документа…
КОЧКОР АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-ноябры №01-5/185
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин токтомдорун жана шаар тургундарынан түшкөн арыздардын аткарылышы боюнча шаар мэриясынын аткаруучулук тартибин кароо жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XХI сессиясы шаардык Кеңештин 2019-жылга бекитилген иш-планы боюнча, шаардык Кеңештин токтомдорунун жана шаар тургундарынын арыздарынын аткарылышы боюнча шаар мэриясынын аткаруучулук тартибин кароо маселесин угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Шаардык Кеңештин токтомдорунун жана шаар тургундарынан түшкөн арыздарынын аткарылышы боюнча шаар мэриясынын аткаруучулук тартибин кароо маселеси боюнча берген шаардык Кеңештин “Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.
2.Шаардык Кеңештин токтомдорунун мыйзамда белгиленген мөөнөт ичинде каттоого алып, жооптуу кызматкерлерден талап кылууну мэриянын аппарат жетекчисине милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаар мэриясынын аппарат жетекчисине милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин “Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын милдетин аткаруучу: | Я.Т.Абдурахманов |
|