Загрузка документа…
КОЧКОР АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-ноябры №01-5/186
2019-2020-жылдарга кышка даярдык көрүүдө шаар мэриясынын жана анын тармактарынын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы, шаар аймагындагы социалдык объектилердин 2019-2020-жылдын күз –кыш мезгилине даярдыгы боюнча шаардык Кеңештин “Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын берген корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаар аймагындагы социалдык объектилердин 2019-2020-жылдын күз-кыш мезгилине даярдыгы боюнча шаардык Кеңештин “Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын берген корутундусу эске алынсын.
2. 2019-2020-жылдардын күз-кыш мезгилине карата от казандардын иштөө даярдыгын камсыздоо жана отундун керек болгон запасын камдоо жылуулук камсыздоо ишканасынын директоруна жүктөлсүн.
3. Билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелеринин терезе,эшик жылчыктарынын жылууланышын жана бардык жылуулук жабдуу системаларын толук даярдоону мекеменин жетекчилерине жана вице-мэрге жүктөлсүн.
4. Шаар аймагында жайгашкан №14 И.М.Губкин, №15 Беки уулу Семетей атындагы орто мектептерине жана №15 “Жомок” балдар бакчасына заманбап металлопластик терезелерине алмаштырууну сырттан күтүлүүчү каражатка ылайык ишке ашыруу Кочкор-Ата шаарынын вице-мэрине тапшырылсын.
5. Н.Исанов атындагы жатак-гимназия мектебинин заманбап эшик терезелерин алмаштыруу долбоору приоритетүү деп табылсын, мэрия тарабынан түрткү берүүчү грантка сунушталсын, 2020-жылдын жергиликтүү бюджетинен өздүк салымга 1 500 000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
6. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну шаар мэри А.Т.Жумаевге милдеттендирилсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин “Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын милдетин аткаруучу: | Я.Т.Абдурахманов |
|