Загрузка документа…
КОЧКОР АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-ноябры №01-5/187
Кочкор-Ата шаарынын Тургенев көчөсүндөгү муниципалдык менчикке караштуу жердин эсебинен 0,02 га административдик имарат куруу үчүн жер ажыратып берүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы, шаар мэриясынын 2019-жылдын 12-ноябрындагы №05-11/108 сандуу катынын негизинде Кочкор-Ата шаарынын Тургенев көчөсүндөгү муниципалдык менчикке караштуу 0,02 га жер аянтын Кочкор-Ата шаардык мамлекеттик нотариалдык кенсесинин имаратын куруу максатында жер ажыратып берүү боюнча Кочкор-Ата шаар мэриясына караштуу жер аянтына укук берүү комиссиясынын отурумунун 2019-жылдын 22-ноябрындагы № 3 протоколунун берген корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаар мэриясынын 2019-жылдын 12-ноябрындагы №05-11/108 сандуу каты канааттандырылсын.
2. Кочкор-Ата шаар мэриясына караштуу жер аянтына укук берүү комиссиясынын отурумунун 2019-жылдын 22-ноябрындагы № 3 протоколу эске алынсын.
3. Кочкор-Ата шаар мэриясына караштуу жер аянтына укук берүү комиссиясынын отурумунун 2019-жылдын 22-ноябрындагы № 3 протоколунун негизинде мамлекеттик нотариалдык кеңсесине имарат куруу үчүн Кочкор-Ата шаарынын Тургенев көчөсүндөгү муниципалдык менчикке караштуу 0,02 га жер тилкеси ажыратылып берилсин.
4.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин башчысына милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кочкор-Ата шаарынын мэри А.Т.Жумаевге тапшырылсын.
Төраганын милдетин аткаруучу: | Я.Т.Абдурахманов |
|