Редакцияот 25.11.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КОЧКОР АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

2019-жылдын 25-ноябры №01-5/188

Кочкор-Ата шаар мэриясынын кайрылуусун кароо,статьядан статьяга акча каражатын которуп берүү жөнүндө

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы, шаар мэриясынын 2019-жылдын 18-ноябрындагы №01-36/1635 сандуу катынын негизинде жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү боюнча сунушталган 59800 (элүү тогуз миң сегиз жүз) сом акча каражатын статьядан статьяга которуп берүү боюнча “Бюджет, каржы, экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиянын берген корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамын жетекчиликке алып

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кочкор-Ата шаар мэриясынын 2019-жылдын 18-ноябрындагы №01-36/1635 сандуу каты канааттандырылсын.

2.Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Бюджет, каржы, экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.

3. Жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү боюнча сунушталган 59800 (элүү тогуз миң сегиз жүз) сом акча каражаты берилген планга салыштырмалуу ашыкча чыгымдалгандыгына негиз, статьядан статьяга которулуп берилсин.

4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаар мэриясынын каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.А.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы, экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына жүктѳлсүн.

 

Төраганын милдетин аткаруучу:

Я.Т.Абдурахманов