КОЧКОР АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-ноябры №01-5/191
Кочкор-Ата шаар мэриясынын сунушун кароо жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы, шаар мэриясынын 2019-жылдын 19-ноябрындагы №05-11/116 сандуу катынын негизинде Кочкор-Ата шаарынын муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин балансында турган көмөк чордондорун жана электр чубалгыларын, ошондой эле “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коому жана демөөрчүлөр тарабынан орнотулган көмөк чордондорун Ноокен райондук электр тармактар ишканасынын балансына өткөрүп берүү боюнча Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаар мэриясынын 2019-жылдын 19-ноябрындагы №05-11/116 сандуу каты канааттандырылсын.
2.Кочкор-Ата шаарынын муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин балансында турган көмөк чордондорун жана электр чубалгыларын, ошондой эле “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коому жана демөөрчүлөр тарабынан орнотулган көмөк чордондору Ноокен райондук электр тармактар ишканасынын балансына өткөрүлүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кочкор-Ата шаарынын муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин башчысына милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кочкор-Ата шаарынын мэри А.Т.Жумаевге тапшырылсын.
Төраганын милдетин аткаруучу: | Я.Т.Абдурахманов |
|