Редакцияот 25.10.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КӨК АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XIV-сессиясы

 

2019-жылдын 25-октябры №2

Муниципиалдык менчике алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Көк-Арт айыл өкмөтүнүн сунушун,1997-жылдын 3-мартындагы №463 Кыргыз Республикасынын айыл жана суучарба министирлигинин алдындагы жер жана агрардык реформа боюнча республикалык борборунун башкармалыгынын төрагасы-министр К.Абдимомуновдун токтомунун, 1997-жылдын 3-мартындагы токтомдун уставынын негизинде түзүлгөн комиссиянын кабыл алуу өткөзүп берүү актысынын бухгалтердик балланстын негизинде угуп талкуулап Көк-Арт айылдык кеңештин 6 чакырылышынын кезектеги 14- сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ.

1. Көк-Арт айыл өкмөтүнө караштуу Жерге-Тал айылынын талаасында жайгашкан Жерге-Тал - Сары-Булак жолунун үстү жагы машинный каналга чейинки 2800м узундуктагы, туурасы 16м болгон X-3 лотковый каналы муниципиалдык менчикке алынсын.

2. Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн www.kugart.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Көк-Арт айылдык кеңешинин төрагасы:

С. Жуманазаров