Загрузка документа…
КӨК АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-октябры №3
Көк-Арт айыл өкмөтүнүн расмий сайтын ачуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Көк-Арт айыл өкмөтүнүн расмий сайтын ачууга муктаждыгын эке алып,угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын 14-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Көк-Арт айыл өкмөтүнүн мыйзамдуу токтом,актыларын жарыялоо расмий сайты ачылсын жана ушул эле токтом менен күчүнө кирип бекитилсин.
2. Расмий сайтты ачуу каражаты жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн www.kugart.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Көк-Арт айылдык кеңешинин төрагасы: | С. Жуманазаров |
|