Редакцияот 28.11.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КӨК АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XV-сессиясы

 

2019-жылдын 28-ноябры №1

Көк-Арт айыл өкмөтүнүн аймагындагы аты жок көчөлөргө ат кою жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык,Жалгыз-Жангак айылынын тургуну Жумабаев Абдалимден түшкөн арызынын негизинде,Көк-Арт айылдык кеңешинин депутаттарынын Укук жана мыйзамдуулук комитетинин кезектеги 2019-жылдын 23-октябрындагы отурумунун токтомун эске алып,угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезексиз 15-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ.

1. Көк-Арт айыл өкмөтүнө караштуу Жалгыз-Жангак айылындагы Жалал-Абад-Балыкчы автотрассасынын боюнда жайгашкан Сулайманов Топчубайдын новайканасынан баштап, Жумабаев Талиптин үйүнө чейинки көчө Жумабаев Бөрүнүн атына коюлсун.

2. Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн www.kugart.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Көк-Арт айылдык кеңешинин төрагасы:

С. Жуманазаров