Загрузка документа…
КӨК АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-ноябры №5
Көк-Арт айыл өкмөтүнүн аймагындагы аты жок көчөлөргө ат кою жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык,Жерге-Тал айылынын тургуну Култеков Кыпчакбайдын 17.11.2018-жылдагы кайрылуусунун негизинде,Көк-Арт айылдык кеңешинин депутаттарынын Укук жана мыйзамдуулук комитетинин кезектеги 2019-жылдын 23-октябрындагы отурумунун токтомун эске алып,угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезексиз 15-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Көк-Арт айыл өкмөтүнө караштуу Жерге-Тал айылындагы Жунусов Сали көчөсүнө параллель орус мүрзөнүн жанындагы,Кулматов Садыбакастын үйүнөн Жерге-Тал айылынын башындагы насосныйга кеткен жолго чейинки көчөгө Култек Болуш аты коюлсун.
2. Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн www.kugart.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Көк-Арт айылдык кеңешинин төрагасы: | С. Жуманазаров |
|