Загрузка документа…
КӨК АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-ноябры №7
Көк-Арт айыл өкмөтүндөгү жашоочуларды “Ардактуу атуул”сыйлыгына көрсөтүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык,Көк-Арт айылдык кеңешинин депутаттарынын Укук жана Мыйзамдуулук комитетинин Сузак районунун “Ардактуу атуулу” сыйлыгын ыйгаруу сунушун угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезексиз 15-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Көк-Арт айыл өкмөтүнө караштуу Жалгыз-Жангак айылынын тургуну Кудайбердиев Маматкаримге Сузак районунун “Ардактуу атуулу”сыйлыгы ыйгарылсын.
2. Күбөлүк жана башка иш кагаздарын жасатуу жагы,Көк-Арт айылдык кеңешинин депутаттарынын Укук жана мыйзамдуулук комитеттинин комиссиясына тапшырылсын.
3. Күбөлүк жана башка тиешелүү иш кагаздарын жасатууга акча каражатын бөлүү жагы,Көк-Арт айыл өкмөтүнөн суралсын.
4. Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн www.kugart.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Көк-Арт айылдык кеңешинин төрагасы: | С. Жуманазаров |
|