Загрузка документа…
КӨК АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-ноябры №8
Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Жалгыз-Жангак айылынын тургундарынын арызы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык,Жалгыз-Жангак айылынын тургуну О.Исаевдин прокуратурага жазган арызын негизинде,О.Мусаев атындагы көчөнү чечип берүү жана Көк-Арт айылдык кеңешинин депутаттарынын Укук жана мыйзамдуулук комитетинин кезектеги 2019-жылдын 15-ноябрындагы отурумунун күн тартибиндеги О.Исаевдин арызынын негизинде областык прокуратурадан келген 2019-жылдын 31-октябрындагы №11/1-2-1120-19 сандуу сунуштарындагы, Көк-Арт айыл өкмөтүнө караштуу Жалгыз-Жангак айылындагы автотрассага жанаша жайгашкан Зерновой каналдан, Жерге-Тал айылынын чегине чейинки Мусаев Ордобек атындагы көчөнүн 2009-жылдын 7-сессиясынын токтому юстицияга катталбай , мыйзамга дал келбей калгандыгына байланыштуу юридикалык күчкө ээ болбой,иш аракеттиги мыйзам актылары бузулгандыгы эске алып, карап жана талкуулап, Көк-Арт айылдык кеңешинин 6 чакырылышынын кезексиз 15-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдуулук укуктук актылардын реестрине киргизилбегендигине эске алып , кайрадан Көк-Арт айыл өкмөтүнө караштуу Жалгыз-Жангак айылындагы автотрассага жанаша жайгашкан Зерновой каналдан, Жерге-Тал айылынын чегине чейинки көчө, Мусаев Ордобек атына ыйгарылып 2009-жылдын 7-сессиясынын токтому күчүндө калтырылсын.
2. Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн www.kugart.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Көк-Арт айылдык кеңешинин төрагасы: | С. Жуманазаров |
|