Загрузка документа…
ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 1-февралы №10
Октябрь айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу Октябрь(Маман), Жолколот, Уч-Кайнар, Отуз-Уул айылдарынын келечекте кенейтилишин эске алуу менен айылдардын башкы мерчемин жанылатуу жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 14-беренесинин 1.2.4 пункутарына жана Октябрь айыл ѳкмѳтүнүн 5-январь 1997-ж №1а чечими жана Октябрь айылдык Кенештин 2007-жылдын 10-февраль айындагы 24-чакырылышынын IX-сессиясынын №24 чечиминин негизинде Октябрь, Жолколот, Отуз-Уул, Уч-Кайнар айылдарынын кенейгенин эске алуу менен жер тилкелеринин башкы мерчемин жанылатуу максатында Октябрь айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Тѳмѳнкү жер тилкемдери
Октябрь айылы Жолколот айылы
№84 контур 14,7 га №182 контур 7,8 га
№164 контур 30,15 га №177 контур 3,5 га
Уч-Кайнар айылы Отуз-Уул айылы
№363 контур 5,9 га №902 контур 8,0 га
Жалпысынан Октябрь айыл ѳкмѳтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы №512 токтомунун убактылуу тартибинин негизинде Ак-Суу раймамаадминистрациясынан жогорудагы жер тилкелерин трансформациялоо жагы суралсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айыл ѳкмѳт башчысы Б.Б.Акмолдоевке милдеттендирилсин.
Тѳрага: | С.М.Бакеев |
|