Загрузка документа…
ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 6-майы №30
Октябрь айыл аймагынын жер фондун инвентаризациялоо материалдарынбекитүү жөнүндө
Жер Кодексинин 13-беренесине ылайык "Кыргызмамжердолбоор" мамлекеттик институтунун Ысык-Кѳл жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган Октябрь айыл аймагынын жер фондун инвентаризациялоо материалдарын бекитүү" боюнча маселени карап, талкуулап айылдыкКенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 . "Кыргызмамжердолбоор" мамлекеттик институтунун Ысык-Кѳл жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган Октябрь айыл аймагынын жер фондун инвентаризациялоо материалдары"алымча кошумчасы менен бекитилсин.
2. Октябрь айылдык аймагынын жер фондун инвентаризациялоо боюнча"Кыргызмамжердолбоор" мамлекеттик институтунун Ысык-Кѳл жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган материалдардарга Октябрь айыл ѳкмѳтү тарабынан кѳрсѳтүлгѳн сунуштарды эске алуу менен бекитип берүү жагы Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Б.Акмолдоевке милдеттендирилсин.
Төрага: | С.М.Бакеев |
|