Загрузка документа…
ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 14-ноябры №77
Отуз-Уул айылынын тургуну К.Ж.Шертаевдин арызын кароо жөнүндө
Отуз-Уул айылынын тургуну Шертаев Кызайбек Жунушевичтин кайрылуусун карап жана айылдык Кенештин депутаттары карап чыгып Октябрь айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Уул айылынын тургуну Шертаев Кызайбек Жунушевичтин арызы канагатандырылып , Октябрь айылдык Кенешинин 25-чакырылышынын 14-сессиясынын №14 токтомунун 1-пункутуна №801 контурдун ордуна №308 контур деп ѳзгѳртүлүп жана Кыргыз Республикасынын Жер Кодексини 73 беренесинин 2 пункутунун негизинде берилсин деп толукталсын .
2. Архитектуралык иш кагаздарын бүтүрүү жана мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Шертаев Кызайбек Жунушевичке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
Төрага: | С.М.Бакеев |
|