Загрузка документа…
ТАШ КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 31 октябры №2
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин төрагасын шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндөгү мыйзамынын 37- беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы боюнча эсептөө комиссиясынын төрагасы Н.Боруевдин билдирүүсүн угуп, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXIX чакырылышынын кезексиз 16- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутат Кудайбердиев Сагынбек Токтосунович Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин төрагасы болуп шайлансын.
2. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
3. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыялансын.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасы: | С. Кудайбердиев |
|