Загрузка документа…
ТАШ КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 31 октябры №3
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин төрагасынын орун басарын (коомдук башталышта) шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндөгү мыйзамынын 38-беренесине ылайык, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин төрагасынын орун басарын (коомдук башталышта) шайлоонун жыйынтыгы боюнча шаардык Кенештин төрагасы С.Кудайбердиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXIX чакырылышынын кезексиз 16- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көпчүлүк коалициядан депутат Рахманов Адисбек Жияналиевич Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин төрагасынын орун басары (коомдук башталышта) болуп шайлансын.
2. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
3. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасы: | С. Кудайбердиев |
|