Загрузка документа…
Абды Суеркулов Айылдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 03-декабры №99
Абды Суеркулов айыл аймагынын айыл өкмөтү жөнүндө Жобосун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына ылайык жана Абды Суеркулов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн уюштуруу документтерин мыйзам талаптарына ылайык келтирүү максатында Абды Суеркулов айыл аймагынын Абды Суеркулов айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына ылайык иштелип чыккан Абды Суеркулов айыл аймагынын айыл өкмөтү жөнүндө Жобосу бекитилсин.
2. «Абды Суеркулов айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемеси мамлекеттик каттоодон ( кайра каттодон) өткөрүлсүн.
3. Торкент айыл аймагынын Торкент айыл өкмөтү» мекемесинин аталышы өзгөргөндүгүнө байланыштуу кайра каттоодон өткөрүлсүн.
- мекеменин толук фирмалык аталышы:
мамлекеттик тилде –“Абды Суеркулов айыл аймагынын айыл өкмөтү”мекемеси
- расмий тилде аталышы: Учреждение “ Айыл окмот Абды Суеркуловского айылного аймака”.
4. “Абды Суеркулов айыл аймагынын Абды Суеркулов айыл өкмөтү”мекемесинин (мындан ары мекеме) юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Жалал Абад облусу, Токтогул району, Торкент айылы, Айдаралы көчөсү № 48.
5. Тийиштүү документтерди бүткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Г.Токтошовага милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
7. Токтомду www. Тorken.kg веб сайтына жайгаштыруу оператор-компютерщик Т.Кебековго тапшырылсын.
8. Бул токтом www.Torken.kg сайтына жарыяланган күндѳн баштап күчүнѳ кирет.
Мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө чечимде андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын анык экендиги жана мыйзамда белгиленген учурларда, юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана (жэ) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.
Кеңештин төрагасы: | У. Бучуков |
|