Загрузка документа…
Абды Суеркулов Айылдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 03-декабры №100
Кызматтын айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө ” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматтык системаларынын иштеши үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимди бекитүү жөнүндөгү маселени Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин VIII чакырылышынын XXIV сессиясы карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматтын айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү жөнүндө келишими бекитилсин.
2. Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды бекитилген келишимдерге ылайык кызматтын маалыматтык системаларын ишке ашырууда бөлүнгөн финансылык каражаттарды көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдо көрсөтүлгөн айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу жана иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Г.Токтошовага тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
5. Токтомду www. Тorken.kg веб сайтына жайгаштыруу оператор-компютерщик Т.Кебековго тапшырылсын.
6. Бул токтом www.Torken.kg сайтына жарыяланган күндѳн баштап күчүнѳ кирет.
Кеңештин төрагасы: | У. Бучуков |
|