Загрузка документа…
Абды Суеркулов Айылдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 03-декабры №101
Ченемдик укуктук актылардын бузулуусун четтетүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган жэ ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө » Мыйзамынын 9-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык,декларацияны белгиленген мөөнөттө бербеген, декларацияны толук эмес жана \жэ анык эмес маалыматтарды көрсөтүү менен берген учурда, декларант Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартуу жөнүндөгү маселени Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин VIII чакырылышынын XXIV сессиясы карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токтогул районунун прокуратурасы тарабынан 2019-жылдын 14-ноябрында чыккан № 21-1-1624-19 сандуу ченемдик укуктук актылардын бузулуусун четтетүү жөнүндөгү сунушу эске алынсын.
2. Торкен айыл өкмөтүнүн инспектору Э.Назарбеков, А.Суеркулов айылдык кеӊешинин депутаттары У.Бучуков, М.Керезов, Б.Аманжанов, У.Кыштообаев, Н.Асанов жана Майрамбек уулу Айбектин өздөрүнүн кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлктөрү тууралуу декларацияны өз учурунда толтурбагандыгы жөнүндө белгиленип, декларанттарга эскертүү берилсин.
3. Белгиленген маалыматтарды толугу менен киргизүүсү, учурунда кечиктирилгис мөөнөттө тапшыруу жагы аты аталган декларанттарга милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
5. Токтомду www. Тorken.kg веб сайтына жайгаштыруу оператор-компютерщик Т.Кебековго тапшырылсын.
6. Бул токтом www.Torken.kg сайтына жарыяланган күндѳн баштап күчүнѳ кирет.
Кеңештин төрагасы: | У. Бучуков |
|