Загрузка документа…
АЛЛЯ АНАРОВ Айылдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15 октябры №3
Алля Анаров айыл өкмөтүнүн аймагындагы жашоочу туругундарга жеке тартипте үй курууга жер участокторун турак жай куруу үчүн жер тилкесин берүүдө, айыл өкмөтүнө караштуу таштуу жайыт жерлерди трансформация кылуу жөнүндө
А.Анаров айылдык Кеңешинин депутаттары айылдагы тургундардын жеке тартипте үй курууга жер участогун алуу үчүн муктаждар көп болгондугун эске алып, ошондой эле алардын талаптарын канаттатдыруу үчүн айыл өкмөтүнө карашту таштуу жайыт жерлерин трансформация кылуу максатында төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнө караштуу Жаны-Араван, Аччы жана Маданият айылдарына караштуу төмөнкү контурда жайлашкан жер тилкелерине трансформацияга уруксат берүү жөнүндө
№ | К-Н № | Жердин түрү | Иликтенген аянты |
1 | 352 | Таштуу жайыт | 10,61 |
2 | 366 | Таштуу жайыт | 6,22 |
3 | 481 | Таштуу жайыт | 0,47 |
4 | 479 | Таштуу жайыт | 0,40 |
5 | 479I | Таштуу жайыт | 0,59 |
6 | 474 | Таштуу жайыт | 0,53 |
7 | 20 | Таштуу жайыт | 1,89 |
8 | 10 | Таштуу жайыт | 8,24 |
9 | 35 | Таштуу жайыт | 5,48 |
10 | 36 | Таштуу жайыт | 0,90 |
11 | 56 | Таштуу жайыт | 1,25 |
12 | 57 | Таштуу жайыт | 3,14 |
13 | 58 | Таштуу жайыт | 2,25 |
14 | 1236 | Таштуу жайыт | 7,78 |
15 | 1239 | Таштуу жайыт | 1,42 |
16 | 380 | Таштуу жайыт | 6,71 |
Жалпысы: | 57,88 га. | ||
2. Баары болуп 57,88 га таштуу жайыт жер аянтын жеке тартипте жай куруу үчүн жердин категориясын өзгөртүү менен байланышкан тийиштүү документтер даярдалсын.
3. Айыл өкмөтүнүн жер адиси С.Жусупов жогоруда аталган жалпы жер аянты 57,88 га таштуу жайыт жердин катигориясын өзгөртүү менен байланышкан тийиштүү документтерди даярдоо жагы жүктөлсүн.
4. Депутаттардын Араван райондук кошмо жыйынанан ушул токтомду бекитип берүү жагы суралсын.
5. Токтомдун аткарылышы айылдык кенештин агрардык маселелер боюнча туруктуу камиссиясына жүктөлсүн.
А.Анаров айылдык Кенешинин төрагасы: | Р.Худайбердиев |
|