Загрузка документа…
КӨК ТАШ Айылдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 10-ноябры№1
“Водохранилище-Шекафтар-Пап” автоунаа жолун Өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен асфальттоо жана аталган жолдун 3 км аралыгын Көк-Таш айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алуу маселесин кароо жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын 13.09.2019-жылдагы № 05-04/1459 сандуу протоколунун негизинде, Көк-Таш айылдык Кеңешинин төрагасы Н.Жакыевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңешинин кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.“Водохранилище-Шекафтар-Пап” автоунаа жолунун 6,5- километринен 9,5-километрине чейинки 3 км аралыгы Көк-Таш айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алынсын жана Көк-Таш айыл өкмөтүнүн эсебинен Өнүктүрүү фондунун каржылоосу аркылуу асфальттоо маселеси жактырылсын.
2.Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
3.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кенешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комитетине жана Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Эргешовго милдеттендирилсин.
Айылдык Кеңештин төрагасы: | Н. Жакыев |
|