Загрузка документа…
КӨК ТАШ Айылдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-октябры №1
Булак-Башы айылынын Долоно участогуна тартылган электр линиясынын зарылдыкка байланыштуу өзгөртүлгөн жумушчу долбоор-сметасынын негизинде, курулуш –монтаждоо иштерине кошумча каражат кароо жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча “Энерго сервис -УМАТА” ЖЧКнын директору А.Б.Омуралиевдин 2019-жылдын 3-октябрындагы №21 сандуу катын талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Булак-Башы айылынын Долоно участогуна тартылган электр линиясынын зарылдыкка байланыштуу өзгөртүлгөн жумушчу долбоор-сметасынын негизинде, курулуш –монтаждоо иштерине Көк-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен каражат кароого макулдук берилсин.
2.Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
3.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кенешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комитетине жана Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Эргешовго милдеттендирилсин.
Айылдык Кеңештин төрагасы: | Н. Жакыев |
|