Загрузка документа…
КӨК ТАШ Айылдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-октябры №3
Автоунаа оңдоочу жай” курууга жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин “2019-жыл –Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгына ылайык, Көк-Таш айылдык Кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Айыл өкмөттүн балансында турган Көк-Таш айылынын Келтемиш участкасындагы 0.03га жер аянты Рахманов Голубай Рахмановичке автоунаа оңдоочу жай куруу менен кошумча жумуш орун түзүү максатында берилишине макулдук берилсин.
2.Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
3.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кенешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комитетине жана Көк-Таш айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси Ж.Байнаевге милдеттендирилсин.
Айылдык Кеңештин төрагасы: | Н. Жакыев |
|