Загрузка документа…
КӨК ТАШ Айылдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-октябры №4
Көк-Таш айыл өкмөтүнүн “КАЗМинералз Бозумчак” ЖЧК менен түзгөн Меморандумуна ылайык, жогорку окуу жайларда контрактык негизде кесиптик билим алып жаткан жергиликтүү студенттердин тизмесин бекитүү жөнүндө
Жогорку окуу жайларда контрактык негизде кесиптик билим алып жаткан студенттердин кесиптик жана үй-бүлөлүк шартын карап жана талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңешинин кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Жогорку окуу жайларда контрактык негизде кесиптик билим алып жаткан Көк-Таш айылдык аймагынын студенттери:
Бакытбек кызы Айжанат-ОшМУ медициналык факультети 2п-1 курс;
Алмазбек кызы Нурзие-Бишкектеги медициналык колледжи 2 -курс;
Жаныбек уулу Рысбек-ОшМУ медициналык факультети 2- курс;
Абдукахар кызы Нурзида-Х.Карасаев атындагы БГУ 3-курс;
Абдимуктарова Гулнур- ОшМУ медициналык факультети курс 2-курс ;
Курманбек кызы Айкогул- Бишкектеги Адам Университети 2-курс-
Көк-Таш айыл өкмөтүнүн “КАЗМинералз Бозумчак” ЖЧК менен түзгөн Меморандумуна ылайык, контрактык төлөмдөрүн “КАЗМинералз Бозумчак” ЖЧК тарабынан төлөнүшүнө сунушталсын.
2.Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
3.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кенешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Айылдык Кеңештин төрагасы: | Н. Жакыев |
|